19

Сентябрь

2025

МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Татарстандын Раиси Рустам Миннихановдун ант берүү аземине катышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Татарстан Республикасынын (Россия Федерациясы) Раисинин кызматына кайрадан шайланган Рустам Миннихановдун ант берүү аземине катышты.

Ошондой эле кыска жолугушуу болуп өттү, анын жүрүшүндө тараптар өз ара кызматташуунун бардык тармактары боюнча эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин белгилешти.

Данияр Амангелдиева Рустам Миннихановду республиканын башчылыгына кайрадан шайланышы менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун саламын жолдоду.