17
Март
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өлкөдөгү авиакомпаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов өлкө аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн авиакомпаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушууда буга чейин «Манас» эл аралык аэропортунун өткөрмө пункттарында тиешелүү кызматтардын текшерүү чараларды жүргүзүүсү менен таанышуунун жыйынтыгында аныкталган маселелер талкууланды.
«Өлкөгө коронавирус инфекциясынын кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө максатында башка өлкөдөн келген жарандарды текшерүүдө бардык шарттарды түзүүгө тийишпиз. Бул үчүн ар бир авиакомпания өзүнүн жоопкерчилигин сезип, тиешелүү мамлекеттик кызматтарга аракеттешүүсү маанилүү болуп саналат. Алсак, учак ичинде жүргүнчүлөрдү медициналык текшерүү, анкеталарды толтуртуу боюнча тутумдуу иш жүргүзүү зарыл», - деди Кубатбек Боронов.
Жолугушуунун жүрүшүндө аба каттамдары боюнча киргизилүүчү мүмкүн болгон убактылуу чектөөлөр, учуп келгендерди медициналык текшерүү, жүргүнчүлөр арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн зарылдыгы маселелери каралды.
Жогоруда белгиленген маселелерди ыкчам жана натыйжалуу чечүү, ошондой эле тармактык мамлекеттик органдардын жана авиакомпаниялардын өз ара иштешүүсүн оптималдаштыруу максатында биргелешкен атайын штаб түзүү сунушталды.