12

Июль

2019

Индия кинолору Алай менен Кара-Кулжанын тоолорунда тартылат

Мындай ниетин Индиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Алок Амитабх Димри Ош облусунун жетекчиси Узарбек Жылкыбаев менен болгон жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, Индия кинолорундагы жаратылыштын кооздугу Улуу Британия жана Шотландиядан тартылат. Ал үчүн кино жаратуучулары өтө көп суммадагы акча коротушат. "Дал ошондой кооздук, жылдын төрт мезгилинин керемети Кыргызстанда да бар. Кыргызстандан тартылса, туризмди жайылтууга жакшы өбөлгө болмок",-деди элчи.

Жолугушуу учурунда фильм тартуу үчүн ижарага  техникалык жабдууларды, 200 дөй актерлор менен чыгармачыл топ үчүн заманбап талаптагы мейманкана жана алардын коопсуздугу  аэромаршруттардын ыңгайлуулугу, баасынын келишимдүүлүгү тууралуу Элчи мырза суранычын билдирди эле, облус башчысы Узарбек Жылкыбаев аппараттын экономикалык тармагынын кызматкерлерине эсептеп чыгуу жана оптималдаштыруу тапшырмасын берди.

Мындан сырткары, Индия тарап табийгый тоо балы менен кыргыз жаңгагын импорттоого кызыкдар экенин билдирди. Эки таратптуу жолугушуунун соңунда, айтылган сунуштар боюнча кызматташуу боюнча конкреттүү кадамдар жасала турган болду.