09

Июнь

2020

COVID-19 каршы күрөшүү максатында эл аралык финансы институттарынан финансылык жардам тартуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат

Коронавирустун жайылышынын кесепеттерине каршы күрөшүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өнүктүрүү боюнча туруктуу өнөктөштөр менен ар кандай деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү активдүү жүргүзүүдө. Учурда бюджетти колдоо үчүн Эл аралык валюта фондунан болжол менен 241 миллион АКШ долларынан ашуун акча каражаттары келип түштү. 

Азия өнүктүрүү банкы COVID-19 пандемиясына банктын жооп кайтаруусунун жаңы терезесинин алкагында Кыргыз Республикасы үчүн 50 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү каражатты бюджетти колдоо үчүн берүүгө даярдап жатат. Буга кошумча Азия өнүктүрүү банкы 2020-жылы Кыргыз Республикасын колдоо үчүн иш-аракеттер саясатынын же башка насыялоонун негизинде максаттуу насыялоо аркылуу кошумча каржылоо жөнүндө маселени карайт. Муну менен катар Азия өнүктүрүү банкы ден соолук үчүн пандемия кесепеттерин жеңилдетүү боюнча өлкөнүн дараметин жакшыртуу үчүн жардам көрсөтүү максатында өзгөчө долбоордук жардам түрүндө 20 млн АКШ долларын мобилизациялайт.

Дүйнөлүк банктан 12,15 миллион АКШ долларын алуу жөнүндө келишимге кол коюлган жана аны ратификациялоо тууралуу тиешелүү мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынды. Мындан тышкары COVID-19 пандемиясына байланыштуу «Кыргызстанда табигый кырсыктарга туруштук берүүнү жакшыртуу» долбоорунан дары-дармектерди жана жабдууларды тез арада сатып алууга 9 миллион доллар бөлүнүүдө. Натыйжада Дүйнөлүк банк ушул күнгө карата 21 миллион АКШ доллары өлчөмүндө жардам көрсөтүп жатат. 

Талкуу процессинде Европа биримдигинен жардам катары бөлүнө турган 30 млн АКШ долларынын суммасы Европа биримдигинин жетекчилигинин чечимине ылайык өзгөрүшү мүмкүн. 

Экономикалык колдоо багыты боюнча, анын ичинде чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө KfW Германия өнүктүрүү банкы азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн өлкөгө 30 млн АКШ долларын кайра багыттоого макул болду. 

Башка финансылык өнөктөштөр аркылуу дагы финансылык жана гуманитардык жардам көрсөтүлүүдө. Бөлүнгөн каражаттар жана жардам, аларды бөлүштүрүү тууралуу толук маалымат тиркелген таблицаларда келтирилген. Алар мезгил-мезгили менен жаңыланып турат.

 тиркеме

COVID-19 каршы күрөшүү максатында эл аралык финансы институттарынан финансылык жардам тартуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат 









(АКШ доллары менен)
Уюмдун аталышыЖардамдын аталышыЖыйынтыкгрантнасыяЫрасталган  жардам (күтүлүүдө)Алынган жардамЭскертүү

БАРДЫГЫ
627 330 437165 807 500461 522 937
250 113 059
1Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) бардыгы241 947 9370241 947 937
241 948 003
Бюджетти колдоо
 (1-транш)
120 849 046
120 849 046
120 849 046
 (кредит)
 Анын ичинен:
 - RCF: 40 283 015,40 АКШ долл.
 - RFI:
 80 566 030,80 АКШ долл.
     2020-жылдын 31-мартында өлкө бюджетине каражаттар келип түштү. Аталган каражаттар бюджетти колдоого багытталды (чыгашалардын корголгон беренелерин каржылоо, саламаттык сактоо секторунун чыгымдарын каржылоо). Кредиттин шарттары: - Ыкчам жооп кайтаруу механизми (Rapid Credit Facility - RCF) - 10 жыл, анын ичинде 5,5 жыл 0% үстөк менен жеңилдетилген мезгил; - Тез каржылоо инструменти (Rapid Financing Instrument - RFI) - 5 жыл, анын ичинде 1,07% үстөк менен 3 жылдык жеңилдетилген мезгил (payment of the Service charge 0,5 % / 296,0 миң СПЗ)
Бюджетти колдоо
 (2-транш)
121 098 891
121 098 891
121 098 891
 анын ичинен:
 - RCF: 40 283 015,40 АКШ долл.
 - RFI:
 80 566 030,80 АКШ долл.
2020-жылдын 7-апрелинде ЭВФ Директорлор кеңеши 50 дөн 100% чейинки квотага жеткиликтүүлүктү жогорулатууну жактырды.     Учурда ЭВФ менен 2-траншты тартуу боюнча консультациялар жүрүүдө. Кредиттин шарттары RCF жана RFI каржылоо булактары боюнча биринчи траншына окшош 
2Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) бардыгы135 000 00041 000 00094 000 000129 000 000

Бюджетти колдоо50 000 00025 000 00025 000 00050 000 000
Ушул жылдын 5-майында Макулдашууга кол коюлуп, 2020-жылдын 1-июнунда ратификациядан өткөн. Учурда АӨБдүн каражатынын келиши күтүлүүдө
Бюджетти колдоо 65 000 0006 000 00059 000 00065 000 000
АӨБ 2020-жылы Кыргыз Республикасын колдоо максатында 50,0 млн. АКШ доллары өлчөмүндө иш-аракеттер саясатынын негизинде максаттуу насыялоо аркылуу кошумча каржылоону карайт
Инвестдолбоор20 000 00010 000 00010 000 00020 000 000
     Бул долбоор COVID-19га каршы күрөшүүгө зарыл болгон медициналык керектелүүчү каражаттарды жана дары-дармектерди каржылоого багытталган.
      АӨБ менен долбоордун деталдары талкууланууда  
      14-майда КР менен АӨБдин ортосунда расмий сүйлөшүү жүрдү. 2020-жылы     АӨБнын директорлор кеңешинин карашы күтүлүүдө. Андан соң ратификация процесси башталат. 
3Дүйнөлүк банк (ДБ)бардыгы121 150 00060 575 00060 575 00021 150 0008 165 056
Инвестдолбоор12 150 0006 075 0006 075 00012 150 000

 2020-жылдын 7-апрелинде саламаттыкты сактоо тармагы үчүн жабдууларды сатып алууну караган “COVID-19 боюнча ыкчам долбоор” боюнча Макулдашууга кол коюлган..
    21-апрелде Макулдашуу тиешелүү түрдө ратификацияланган
      КР Саламаттык сактоо министрлиги, КР Өкмөтүнө караштуу Милдеттүу медициналык камсыздандыруу фонду, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги долбоорду ишке ашыруучу болуп саналат. Учурда ДБ менен сатып алуунун планы макулдашылууда. 
Инвестдолбоор9 000 0004 500 0004 500 0009 000 0008 165 056ДБ «Кыргызстандагы жаратылыш кырсыктарына карата туруктуулукту жогорулатуу» (компонент 5) иштеп жаткан долбоордун каражаттарын кайрадан бөлүштүрүү алкагында медикаменттерди жана жабдууларды тез арада сатып алуу үчүн.
 - 4 262 977 АКШ долларына 30 келишим түзүлдү
 - 2 029 556, 51 АКШ долларына сатып алуунун 2 пакетин баалоо стадиясында
 - 1 037  037, 04 АКШ долларына бир тендер жарыяланды
 ЮНИСЕФ аркылуу 835 485,00 АКШ долларына сатып алуу пландалууда
 Жыйынтык: 8 165 056 АКШ долл.
 Үнөмдөө: 834 944 АКШ долл.
Инвестдолбоор50 000 00025 000 00025 000 000

Социалдык коргоону системасы жана өзгөчө кырдаалдардагы иш-аракеттердин планы долбоорун ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосунда консультациялар жүрүп жатат. Бул долбоор COVID-19 коронавирус инфекциясы менен байланышкан экономикалык төмөндөөнү жумшартууга, кризистин кесепеттерине эң көп кабылган топтордун кирешесине, жумушуна жана шарттарына түздөн-түз тийгизген таасирин азайтууга багытталган. Дүйнөлүк Банктын Директорлор Кеңеши тарабынан бул долбоорду бекитүү 2020-жылдын июль айынын ортосунда пландаштырылууда. 
Инвестдолбоор50 000 00025 000 00025 000 000

КР жана ДБ ортосунда "Жеке секторду кризистик колдоого алуу жана анын атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу" долбоору ишке ашыруу боюнча консультациялар жүрүүдө. Аталган долбоор COVID-19 пандемиясы жана калыбына келтирүү менен шартталган кризиске жооп кайтарууда кичи жана орто бизнеске колдоо көрсөтүүгө багытталган. Аталган долбоорду жактыруу Дүйнөлүк банктын Директорлор кеңеши тарабынан 2020-жылдын июль айынын орто ченине пландаштырылууда.
4Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы (АИИБ)Инвестдолбоор50 000 000
50 000 000

Дүйнөлүк банктын "Жеке секторду кризистик колдоого алуу жана анын атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу" долбоору боюнча биргелешип каржылоосу жөнүндө консультациялар жүрүүдө. АБИИ Директорлор кеңеши тарабынан аталган долбоорду жактыруусу 2020-жылдын июль айынын соңуна пландаштырылууда.
5Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ)Инвестдолбоор15 000 000
15 000 00015 000 000
ИӨБ учурдагы долбоорлорунун үнөмдөлгөн
 каражаттары алкагында сатып алуу үчүн медициналык
 дары-дармектердин жана жабдуулардын тизмеси ИӨБ
 багыталган.
 Аталган долбоор ИӨБ Директорлор кеңеши
 тарабынан каралат.
6Европа биримдиги (ЕБ)бардыгы33 880 00033 880 000033 880 000

Бюджеттик
 колдоо
16 830 00016 830 000
16 830 000
Аталган каражаттарды билим берүү программасын
 ишке ашыруу үчүн багыттоо пландаштырылууда. Каражаттар бюджетти колдоо максатында түшөт.
Бюджеттик
 колдоо
6 600 0006 600 000
6 600 000
Аталган каражаттарды санариптештирүүгө багыттоо
 пландаштырылууда. Матрица шарттарын МТБМК
 менен макулдашуу жана Келишим долбооруна ЕБ
 менен кол коюу боюнча иштер башталган.
Бюджеттик
 колдоо
10 450 00010 450 000
10 450 000
 Учурда ЕБде КРнын өтүнүчү боюнча социалдык
 коргоо секторундагы ЕБ программасынын алкагында
 9,25 млн. евро өлчөмүндө гранттык каражаттарды
 бөлүү мүмкүндүгү каралууда.
7Герман өнүктүрүү
 банкы (KfW)
бардыгы 30 352 50030 352 500030 352 500

Тосуп алма
 фонддор
 (сом)
16 652 50016 652 500
16 652 500
2020-ж.09.04. KfW азык-түлүк коопсуздугун
 камсыздоо максатында тосуп алма фонддордун 1,3
 млрд сом суммасындагы каражаттарын фермерлерди
 колдоого алуу үчүн пайдаланууга макулдугун берди. 
Тосуп алма
 фонддор
  (евро)
13 700 00013 700 000
13 700 000
2020-ж 09.04. KfW азык-түлүк коопсуздугун
 камсыздоо максатында тосуп алма фонддордун 12,4
 млн евро суммасындагы каражаттарын фермерлерди
 колдоого алуу үчүн пайдаланууга макулдугун берди.