25

Ноябрь

2020

Премьер-министрдин м.а. Артем Новиков Эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызмат ордуна Ализа Солтонбекованын талапкерлигин көрсөттү

img

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызмат ордуна Ализа Солтонбекованын талапкерлигин көрсөттү.

Артем Новиков белгилегендей, Ализа Солтонбекова жогорку билимдүү жана өзүнүн эмгек жолун социалдык чөйрөдө баштаган, буга чейин Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында бөлүм башчысы болгон.

2018-жылдан бери Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары кызматын аркалап келет.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Ализа Солтонбекова өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарып жатканын белгилеп,  буга байланыштуу аны Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин кызмат ордуна дайындоо боюнча сунуш киргизилип жаткандыгын айтты.