28
Август
Өкмөттүн Аппаратынын коргоо бөлүмүнүн башчысынын кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруу Адилет Джанузаковго жүктөлдү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары Джанузаков Адилет Канатовичке жүктөлдү. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов кол койду.
Мындан мурда, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 21-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Араев Азамат Муратовичтин кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусу 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин токтотулган.