27

Май

2019

Кыргыз- Өзбек чек арасында заманбап бажы көзөмөл пункту курулат

img

  27-майда Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев РФ нын Кыргыз Республикасындагы жаңыдан дайындалган атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко мырзаны кабыл алды.  

  Россия тарап КР ден натуралдык таза жашылча- жемишти алып турууга кызыкдар.  Элчи мырза аякташы 2020- жылга пландалган “Достук” Кыргыз-Өзбек бажы өткөрмө пунктунун курулушу да толук бойдон Россия тараптан каржыланат, ал жерде ЕврАзЭстин талабына ылайык келчү фитосанитардык лаборатория кошо куруп берүү планын айтты. 

  Мындан сырткары РФ нын ЖОЖ доруна абитруенттерге  квота көбөйтүлүп, чек ара заставаларына 11 бронетехника белекке берилгенин билдирди. Эмки баскычта айыл чарбаны жана кайра иштетүүнү  долбоорлору коюлуп, кичи жана орто ишкерлик колдоого алынат. Буга чейин Ысык- Көл облусунда  жемишти кайра иштетүүчү 2 чакан ишкана каржыланган. 

Өз кезегинде облус жетекчиси Узарбек Жылкыбаев  РФ нын мигранттарга карата жылуу мамилесине ыраазычылык билдирип,  айдоочулук күбөлүктү тааныганы үчүн учурда такси кызматынан киреше тапкан 120 миң мекендешибиздин жумуш менен камсыз болгонун белгиледи.  Эко жана экстремалдык  туризмин, альпинизмди  өнүктүрүүгө чакырды.  Маалымат катары айта кетсек, Кыргызстандагы бийиктиги боюнча 2-орунда турган Ленин чокусуна бул сезон июль айында ачылат.

  Учурду Ош аэропортунан Москва шаарына 1 күндө 3-4 рейс, мындан сырткары да Россиянын 18 шаарына авиа  каттамы бар. Алардын айрымдары Бишкек шаарында да жок. Ушул фактылар 2 мамлекеттин ортосундагы алакалар терең экендигинен кабар берет.