06

Октябрь

2020

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзгөчө режимде иштеп жатат

Тармактык мамлекеттик түзүмдөр коомдук коопсуздукту жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча иш алып барууда. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү саясий процесстин бардык катышуучуларын маселелерди тынчтык жолу менен жөнгө салууга чакырат. 

Элдерибиздин жыргалчылыгы жана коопсуздугу, өлкөнүн гүлдөп өнүгүшү үчүн бардык маселелер мыйзамдуу жол менен чечилиши керек.