15
Октябрь
2020
Мияров Мирбек Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесинин 2-бөлүгүнүн 15-пунктуна ылайык, Мирбек Ибаратович Мияров (1984-жылы туулган) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.
Аталган чечим кадрдык потенциалды жаңыртуу жана мамлекеттик жарандык кызматка жаңы жана жаш адистерди тартуу максатында кабыл алынды