29

Декабрь

2020

Пандемия менен күрөшүүдө салым кошкон мекеме-уюмдар сыйланды

29-декабрда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө жылды жыйынтыктоого арналган иш чара өткөрүлүп, анда пандемия менен күрөшүүдө татыктуу салым кошкон мекеме-ишканалардын эмгегине жетекчилик тарабынан баа берилди. 


Калкты илдеттин кесепеттеринен сактоо аракеттеринде ар тараптуу колдоо көрсөткөн жана обсервациялар үчүн имараттарын берген мекеме-уюмдарга, өнөктөштөргө  ыйгарым укуктуу өкүл Сабыркул Ашимбаев тарабынан Ыраазычылык каттар жолдонду. 


Сыйлык алгандардын катарын ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн негизги өнөктөшү болгон Ага Хан өнүктүрүү тармагы, Борбордук Азия университети, “Ассалам” кайрымдуулук фонду, ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусундагы башкармалыгы, Нарын облустук ички иштер башкармалыгы, Нарын облустук медиаборбору, Ү. Асанов атындагы Нарын облустук мектеп лицейи, М. Субакожоев атындагы Нарын түрк лицейи, С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети, М. Мырзабеков атындагы №87-кесиптик лицейи, “Кадам” реабилитациялык борбору, Ветеринардык лаборатория, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Нарындагы филиалы жана башка бир катар мекеме-ишканалар түздү. 


КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.