09
Ноябрь
Премьер-министр Сапар Исаков: «Сүймөнкул Чокморовдун элеси ар дайым жүрөгүбүздө сакталат»
«Сүймөнкул Чокморовдун элеси ар дайым биздин жүрөгүбүздө сакталат. Белгилүү инсандын калтырган изи тарых барактарында алтын тамгалар менен жазылган. Биз – кыргызстандыктар анын элесин дайыма жүрөгүбүздө сактайбыз», — деди бүгүн, 9-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Бишкек шаарында СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун эстелигинин ачылыш салтанатында.
Өкмөт башчы белгилегендей, таланттуу киноактер, сүрөтчү, кыргыз элинин белгилүү инсанына арналган эстеликтин ачылышы өлкө турмушундагы маанилүү окуя болуп саналат.
Сапар Исаковдун айтымында, Сүймөнкул Чокморовдун элеси кыргыз элинин бай рухий мурасынын көөнөргүс бир үзүмүн түзөт.
«Сүймөнкул Чокморов белгилүү инсан болуп саналат. Ал адамдык мыкты сапаттарга эгедер адам катары эл жүрөгүндө калган. Ошондой эле ал өлкөбүздүн атагын алыска чыгарган бирден-бир таанымал инсандардын катарын толуктайт. Мен эстеликти орнотуучуларга жана Сүймөнкул Чокморов атындагы коомдук фонддун жетекчилигине чоң ыраазычылык билдиргим келет», — деди Сапар Исаков.
Премьер-министр Өкмөттүн «Жаны доорго – кырк кадам» программасындагы негизги милдеттердин бири атамекендик маданиятты, анын ичинде кинематография тармагын кайрадан жаратуу экендигин өзгөчө белгилеп өттү.
«Биз өлкөбүздө Сүймөнкул Чокморов сыяктуу мыкты инсандардын өсүп чыгуусуна шарт түзүүбүз керек», — деп жыйынтыктады Сапар Исаков.
Ошондой эле КР маданият, маалымат жана туризм министри Султанбек Жумагулов, РФ Свердлов облусунун губернатору Евгений Куйвашевдин атынан куттуктоо окуган РФ Свердлов облусунун эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министри Андрей Соболев, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов жана С.Чокморов атындагы коомдук фонддун төрагасы Сагынбек Абдрахмановдор куттуктоо сөзүн сүйлөдү.
Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» кинотеатрынын чыгыш тарабына орнотулду. Ал Екатеринбург шаарынын (Россия) «Дубровин» мастерскоюнда жасалган. Скульптура колодон жасалып, узундугу 3 метрди түзөт.
С.Чокморовдун эстелигинин автору – Таллин көркөм сүрөт институтунун бүтүрүүчүсү, скульптор Кожегулов Алмаз Сулайманович.
[su_carousel source="media: 106944,106945,106946,106947,106948,106949,106950,106951,106952,106953,106954,106955,106956" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 106326,106327,106328,106329" limit="21" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 105724,105725,105726,105727" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 105085,105086,105087,105088,105089,105090,105091" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 104417,104418,104419,104420,104421,104422,104423,104424,104425,104426,104427" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 103362,103363,103364,103365" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү