10

Октябрь

2019

Жаңы окуу жылында Кара-Суу районунда жаңыдан курулган 4 мектеп колдонууга берилди

Кара-Суу районунун Калинин айылында жаңы мектеп пайдаланууга берилди. Мектептин курулушу 8 жылдан бери бүтпөй келген.

“Аймактарды өнүктүрүү жылынын" алкагында 2018-жылдын 6 айлыктын жыйынтыгы боюнча облустук коллегиялык кеңешмеде Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев: “Социалдык обьектилерди курууда жаңы курулушту баштабай туруп, ушул убакка чейин 6-10 жылдап бүтпөй келгендерине басым жасап бүтүрөлү. Антпесек, бул жактан бүткөнчө мурункусу урап түшүп калып жатат”, – деп тапшырма койгон.

Бул жылы ушундай обьектилерден 6 сы курулуш ишин аяктады.

Мектептин курулушуна 98 млн сом сарпталып, каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөн. Мектеп 550 орунга ылайыкталган. Белгилей кетсек, окуу жылы башталгандан бери Кара-Суу районунда 4 жаңы мектеп пайдаланууга берилди.