Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контрактты банктык коштоону жүзөгө ашыруу жөнүндө
“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
- Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контрактты банктык коштоону камсыз кылуу тартиби 1-тиркемеге ылайык;
- Контрактты банктык коштоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу банктардын тизмеги 2-тиркемеге ылайык.
- Сатып алуучу уюмдар (агент, эгерде мамлекеттик сатып алууга агент контракт түзсө) мамлекеттик сатып алууга биринчи контракт түзүлгөнгө чейин Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контрактты банктык коштоону камсыз кылуу тартибинин
3-пунктунда аныкталган шарттарга ылайык келген ыйгарым укуктуу банктардын ар бири менен контрактты банктык коштоо жөнүндө келишим түзсүн. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
2022-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин. - Бул токтом 2022-жылдын 16-октябрынан тартып күчүнө кирүүчү 1-пунктту кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров