Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2023/2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө
Экономика тармактарын жана калкты электр, жылуулук энергиясы жана отун ресурстары менен камсыз кылуу, министрликтерди, мамлекеттик комитетти, административдик ведомстволорду жана республиканын региондорун
2023/2024-жылдардын күз-кыш мезгилинен өтүүгө өз убагында даярдоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2023/2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – Иш-чаралар планы) 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызкөмүр» жана «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканалары (мындан ары – «Кыргызкөмүр» МИ, «Кыргызжылуулукэнерго» МИ) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана макулдашуу боюнча: жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдары, Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы, «Электр станциялар», «Кыргызстан
улуттук электр тармагы», «Кыргыз энергетикалык эсептөө
борбору», «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомдору
(мындан ары – ААК), «Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коому(мындан ары – ЖЧК) жана «Жылуулук камсыздоо» Ош муниципалдык ишканасы:
1) 1-21-тиркемелерге ылайык Иш-чаралар планын, электр энергиясын жана кубаттуулукту керектөө лимиттерин, графиктерди жана тапшырмаларды аткарууну камсыз кылсын;
2) 2023-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө:
– 2022/2023-жылдардын жылытуу мезгилинен өтүүнүн жыйынтыктарын эске алуу менен алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча уюштуруу-техникалык иш-чараларды иштеп чыксын;
– Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызматтын жана Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен алдыдагы
күз-кыш мезгилине отун-энергетикалык комплексинин жылытуучу от казандарынын жана ишканаларынын иштөөгө даярдыгын текшерүү боюнча жумушчу комиссияларды түзсүн (балансында жылытуучу от казандары жана жылуулук-энергетикалык жабдуулардын башка түрлөрү бар мекемелер үчүн);
3) 2023-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө белгиленген тартипте бюджеттик уюмдар үчүн отунду мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү боюнча чараларды көрсүн, аны жеткирүүгө келишимдерди түзсүн;
4) ушул токтомду аткаруу жөнүндө маалыматты, анын ичинде көмүр сатып алууга конкурстарды өткөрүү, отунду камдоо боюнча пландуу тапшырмаларды аткаруу, отун базаларын жана көмүрдүн рыноктук баасын көрсөтүү менен көмүр сатуу пункттарын түзүү жөнүндө маалыматты ай сайын Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен 1ине карата абал боюнча берип турсун.
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине маалыматтарды берүү жана анын аныктыгы үчүн жоопкерчилик министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын жетекчилерине, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексинин ишканаларынын жетекчилерине жүктөлөт;
5) отун-энергетикалык ресурстарды керектөөдө чыгымдарды азайтуу үчүн энергияны үнөмдөө жана энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу саясатын ишке ашыруу боюнча туруктуу негизде чараларды көрсүн.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары жана Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алдыдагы жылытуу мезгилине карата энергияны үнөмдөөнүн, отунду өз убагында даярдоонун зарылдыгы жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарын тартуу менен калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү камсыз кылсын.
4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин жана административдик ведомстволордун конкурстук комиссиялары, «Кыргызжылуулукэнерго» МИ, «Электр станциялары» ААК (макулдашуу боюнча) 2023/2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын аймагында казылып алынган көмүрдү жана күйүүчү мазутту жеткирүүгө конкурстарга катышканда «Кыргызнефтегаз» ААК жана «Кыргызкөмүр» МИ үчүн Кыргыз Республикасында салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча карыздар жөнүндө маалыматты берүү тууралуу талапты убактылуу алып салсын.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы:
1) Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексинин ишканаларына көмүр жеткирип берген Кыргыз Республикасынын көмүр казуучу компанияларынын көмүрү үчүн бааны «Кыргызкөмүр» МИ берген тизмеге ылайык белгилесин;
2) күйүүчү-майлоочу жана башка чыгымдалуучу материалдардын наркы өзгөргөн (көбөйгөн же төмөндөгөн) учурда аларды кайра кароо (кайра бекитүү) укугу менен жана кайра кетүү багытын эске алып, «Кыргызкөмүр» МИ жана «Кыргызжылуулукэнерго» МИ берген маршруттар боюнча автотранспорт каражаттары менен көмүр жана мазут ташууга бааларды белгилесин;
3) Балыкчы шаарынын жүктөө-түшүрүү аянтчасында темир жол транспортуна көмүрдү кайра жүктөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын «Кыргызкөмүр» МИ берген материалдарга (эсептөөлөргө) ылайык белгилесин;
4) «Кыргызнефтегаз» ААК үчүн Ош шаарынын ЖЭБине жана «Кыргызжылуулукэнерго» МИнин филиалдарына жеткирүү үчүн
«М-100» маркасындагы күйүүчү мазуттун баасын белгилесин.
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) отун базаларында жана калк үчүн көмүр жеткирүүнү ишке ашыруучу сатуу пункттарында көмүрдүн баасынын өсүшүнө жол бербесин.
7. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары тарабынан киргизилген сунуштарга мониторинг жана талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча бир айдын ичинде баалар 20 жана андан ашык пайызга жогорулаган учурда көмүрдүн баасына мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунуштарды киргизсин.
8. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2023-жылдын ичинде республиканын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы барууга кыйын зоналарында жашаган адамдар үчүн компенсациялык каражаттарды өз убагында бөлүүнү «Кыргыз Республикасынын 2023-жылга жана 2024–2025-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган каражаттардын чегинде камсыз кылсын.
9. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен биргеликте «Рыбачье» темир жол станциясынан «Аламүдүн» темир жол станциясына (Бишкек шаарынын ЖЭБи) чейин бир тонна «Б» маркасындагы көмүрдү Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы тарабынан ташууга бардык кошумча жыйымдарды эске алуу менен (кошумча нарк салыгын эсепке албастан) 2023-жылдын 1-июлунан тартып 2024-жылдын 1-июлуна чейин 520 (беш жүз жыйырма) сом өлчөмүндө коюлган тарифти белгилесин.
10. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары жана Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
1) керектелген электр, жылуулук энергиясы, жаратылыш газы, көмүр жана күйүүчү мазут үчүн отун-энергетикалык комплексинин ишканаларынын алдында бюджеттик керектөөчүлөрдүн карыздарын 2023-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө төлөсүн;
2) керектелген электр жана жылуулук энергиясы, жаратылыш газы, көмүр жана күйүүчү мазут үчүн өз убагында төлөмдү толук көлөмдө камсыз кылсын;
3) ар бир уюмга электр энергиясын жана кубаттуулукту керектөөнүн лимиттерин жеткирсин;
4) электр энергиясын жана кубаттуулукту керектөөнүн белгиленген лимиттерин бекем сактоо үчүн контролду камсыз кылсын жана чараларды көрсүн;
5) 2023/2024-жылдардын күз-кыш мезгили башталганга чейин электр от казандарын энергиянын альтернативалуу булактарын (көмүр, газ, борборлоштурулган жылытуу) пайдаланууга өткөрүүнү камсыз кылсын;
6) Токтогул суу сактагычында суунун топтолушуна байланыштуу түзүлгөн кырдаал жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу калк жана бизнес-түзүмдөр арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө энергетикалык компанияларга көмөк көрсөтсүн;
7) электр энергиясын берүүнү токтотууну талап кылган оңдоо, анын ичинде аба жана кабелдик электр берүү линияларынын корголуучу зоналарында бак-дарактардын жаш бутактарын кыюу иштерин жүргүзүүнү энергетика компаниялары менен өз убагында макулдашууга көмөк көрсөтсүн;
8) жалпыга маалымдоо каражаттарын тартуу менен алдыдагы жылытуу мезгилине карата энергияны үнөмдөө, өз убагында отун даярдоо зарылдыгы жөнүндө калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү камсыз кылсын.
11. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы чектеш мамлекеттердин (Казакстан Республикасы, Тажикстан Республикасы жана Өзбекстан Республикасы) аймагынан өтүүчү электр берүү линияларын жана магистралдык газ түтүктөрүн пландык же авариялык оңдоону жүргүзүү зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу оңдоочу-техникалык персоналды, технологиялык жабдууларды жана шаймандарды өткөрүүгө көмөк көрсөтсүн.
12. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана өткөрүү убагында «Электр станциялар», «Кыргызстан улуттук электр тармагы», «Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору», «Чакан ГЭС», «Кыргызнефтегаз» ААКтарынын, «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын, Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын, «Жылуулук камсыздоо» Ош муниципалдык ишканасынын, «Кыргызжылуулукэнерго» МИнин, «Кыргызкөмүр» МИнин жана отун даярдоого тартылган көмүр казуучу ишканалардын алыш-бериш эсептерин жабуу жөнүндө чечимдерди кабыл албасын.
13. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги «Электр станциялар», «Кыргызстан улуттук электр тармагы», «Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору», «Чакан ГЭС» ААКтары, электр энергиясын дүңүнөн сатып алуучулар-сатуучулар жана керектөөчүлөр-кайра сатуучулар менен биргеликте:
1) республиканын керектөөчүлөрүн электр менен ишенимдүү жабдууну камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн;
2) керектөөчүлөр тарабынан электр энергиясын жана кубаттуулукту керектөөнүн белгиленген лимиттеринин, 2–21-тиркемелерге ылайык графиктердин жана тапшырмалардын сакталышына катуу контролду камсыз кылсын;
3) кубаттуулук болгондо гана тиричиликтик эмес энергия сыйымдуу керектөөчүлөргө техникалык шарттарды берүүнү жүзөгө ашырсын;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, айыл өкмөттөрүнүн башчылары менен биргеликте калк жана бизнес-түзүмдөрү арасында жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн:
– Токтогул суу сактагычында сууну топтоодо түзүлгөн абал жөнүндө;
– энергия натыйжалуу жана энергияны үнөмдөөчү технологияларды пайдалануу жөнүндө;
– энергияны үнөмдөө жана отун ресурстарын өз убагында даярдоо жөнүндө;
– алдыдагы жылытуу мезгилинен ийгиликтүү өтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө;
– 2–11-тиркемелерге ылайык электр энергиясын керектөө лимиттерин сактоо боюнча иштерди жүргүзүү жөнүндө.
14. Төмөнкүлөр үчүн жеке жоопкерчилик жүктөлсүн:
1) 2023/2024-жылдардын күз-кыш мезгилине талаптагыдай даярдык көрүү, өткөрүү жана керектөөчүлөрдү энергетикалык ресурстар менен ишенимдүү, үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын энергетика министрине;
2) электр энергиясын жана кубаттуулукту керектөөнүн белгиленген лимиттерин аткаруу үчүн – Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына, айыл өкмөттөрүнүн башчыларына, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин, «Электр станциялар», «Кыргызстан улуттук электр тармагы» жана «Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору» ААКтарынын жетекчилерине;
3) энергетикалык жабдууларды оңдоо-калыбына келтирүү иштеринин сапатына жана өз убагында жүргүзүү үчүн – «Кыргызжылуулукэнерго» МИнин, Бишкек шаардык мэриясынын «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын, «Жылуулук камсыздоо» Ош муниципалдык ишканасынын жана «Кыргызстан улуттук электр тармагы», «Электр станциялар», «Чакан ГЭС» ААКтарынын жетекчилерине;
4) электр жана жылуулук энергиясы жана жаратылыш газы үчүн төлөмдөрдүн мөөнөтү өтүп кеткендиги үчүн – бюджеттик уюмдардын жетекчилерине.
15. «Кыргызжылуулукэнерго» МИге, Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасына, «Жылуулук камсыздоо» Ош муниципалдык ишканасына, «Кыргызстан улуттук электр тармагы», «Электр станциялар» жана «Чакан ГЭС» ААКтарына төмөнкүлөр сунушталсын:
1) Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департамент тарабынан белгиленген 2023-жылга пландалган техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышын камсыз кылуу;
2) энергетикалык жабдуулардын жана тармактардын оңдоо иштерин 2023/2024-жылдардын жылытуу мезгили башталганга чейин аяктоо.
16. «Кыргызкөмүр» МИ:
1) көмүр ачуу жана казуу боюнча иштерди жүргүзүүдө эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук эрежелеринин так сакталышын камсыз кылсын;
2) 2023/2024-жылдардын күз-кыш мезгилине өз убагында даярдык көрүү максатында көмүр катмарларын ачуу боюнча иштердин толук көлөмдө аткарылышын камсыз кылуу үчүн Кавак күрөң көмүр бассейнинин иштетилүүчү участокторун кен-транспорттук техникасы менен камсыз кылсын;
3) Бишкек шаарынын ЖЭБине жана «Кыргызжылуулукэнерго» МИнин филиалдарына жеткирилүүчү көмүрдүн сапатын «Электр станциялар» ААК жана «Кыргызжылуулукэнерго» МИ койгон техникалык мүнөздөмөлөргө шайкештигин камсыз кылсын;
4) Бишкек шаарынын ЖЭБине Кавак күрөң көмүр бассейнинен келген көмүрдүн сапатын талдоо боюнча аттестациядан өткөн лабораторияны түзүү боюнча чараларды көрсүн;
5) Бишкек шаарынын ЖЭБине жана «Кыргызжылуулукэнерго» МИнин филиалдарына графикке ылайык зарыл болгон көлөмдө көмүр жеткирүүнү камсыз кылсын.
17. «Кыргызмунайгаз» ААКка төмөнкүлөр сунушталсын:
1) 2023-жылдын 20-майына чейинки мөөнөттө Ош шаарынын ЖЭБине жана «Кыргызжылуулукэнерго» МИнин филиалдарына жеткирүү үчүн «М-100» маркасындагы күйүүчү мазуттун баасын белгилөө максатында эсептөөчү материалдарды Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына берүү;
2) Ош шаарынын ЖЭБине жана «Кыргызжылуулукэнерго» МИнин жылуулук менен камсыздоо филиалдарына күйүүчү мазутту жеткирүүнү камсыз кылуу.
18. «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКка 2023-жылы төмөнкүлөр сунушталсын:
– саны 225,0 миң даана электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган системасын (мындан ары – АСКУЭ) сатып алууну жана орнотууну камсыз кылуу;
– 110–500 кВ чыңалуудагы электр тармактарында электр энергиясынын жоготууларынын деңгээлин 5,93 %га чейин, 0,4–35 кВ чыңалуудагы электр тармактарында – 11,75 %га чейин төмөндөтүүнү, ошондой эле дебитордук карызды 10 %га төмөндөтүүнү камсыз кылуу;
– жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен биргеликте электр энергиясын жана кубаттуулукту керектөөнүн лимиттери ашып кеткен, жабдуулар ашыкча жүктөлгөн, кубаттуулук жана электр энергиясы тартыш болгон учурларда электр тармактарын жеңилдетүү графиктерин иштеп чыгуу жана колдонуу.
19. «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКка төмөнкүлөр сунушталсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары менен биргеликте электр энергиясын жана кубаттуулукту керектөөнүн лимиттерин ашырууга жол бербөө;
2) энергетика системасынын ишенимдүү иштешине таасир тийгизүүчү авариялык кырдаалдардын келип чыгышын алдын алуу же жоюу жана күч трансформаторлорун иштөөчү абалда сактоо үчүн «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын подстанцияларынан зарыл болгон кубаттуулук чоңдуктарын өчүрүүгө уруксат берүү.
20. «Кыргызстан улуттук электр тармагы» жана «Электр станциялар» ААКтарына электр энергиясын ири керектөөчүлөр, электр энергиясын дүңүнөн сатып алуучулар-сатуучулар жана керектөөчү-кайра сатуучулар, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен биргеликте электр энергиясын жана кубаттуулукту керектөөнүн лимиттери ашып кеткен, негизги жабдуу ашыкча жүктөлгөн, электр энергиясынын жана кубаттуулуктун тартыштыгы болгон учурларда электр тармактарын жеңилдетүү графиктерин иштеп чыгуу сунушталсын.
21. «Газпром Кыргызстан» ЖЧКга төмөнкүлөр сунушталсын:
1) 2023/2024-жылдардын күз-кыш мезгилинде Бишкек шаарынын ЖЭБи, Ош шаарынын ЖЭБи жана Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрү үчүн жаратылыш газын үзгүлтүксүз берүүнү камсыз кылуу;
2) Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин газ менен камсыздоо жана газдаштыруунун башкы схемасынын алкагында 2023-жылга инвестициялык программаны аткарууну камсыз кылуу;
3) 2023-жылга инвестициялык программанын аткарылышы жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине ай сайын берип туруу.
22. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 234 «Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2022/2023-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-августундагы № 465 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 234 «Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2022/2023-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-августундагы № 467 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 234 «Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2022/2023-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-октябрындагы № 563 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 234 «Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2022/2023-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому.
23. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
24. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров