КР Министрлер Кабинетинин 13.06.2024 №310 токтому

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология жана  гематология борбору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Саламаттык сактоо системасындагы илимий ишти өркүндөтүү максатында, “Илим жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, “Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-статьясына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология жана гематология  борбору жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын
 30-декабрындагы № 711 “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук онкология борборун кайра уюштуруу маселелери жөнүндө” токтомунун 3, 5, 6-пункттары; 

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 554 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн илим чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 8-пункту; 

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 563 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин саламаттык сактоону башкаруу чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”  токтомунун 8-пункту.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

тиркеме.docx

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                                         А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу