КР Министрлер Кабинетинин 27.08.2024-ж. № 513 токтому

Медициналык буюмдарды каттоо, коопсуздугуна, сапатына жана натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү, медициналык буюмдарды маркалоо жана таңгактоо талаптары менен байланышкан айрым маселелер жөнүндө

“Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

  1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
  2. Медициналык буюмдарды мамлекеттик каттоо, коопсуздугуна, сапатына жана натыйжалуулугуна экспертиза жүргүзүү, Медициналык буюмдардын мамлекеттик реестрин, номенклатурасын жүргүзүү, медициналык буюмдардын каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүү, каттоо ырастамасынын колдонулушун токтото туруу же жокко чыгаруу тартиби 1-тиркемеге ылайык;
  3. Медициналык буюмдардын коопсуздугуна, сапатына жана натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү тартиби 2-тиркемеге ылайык.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) медициналык буюмдарды колдонуунун потенциалдуу тобокелдигине жараша классификациялоо Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 22-декабрдагы № 173 чечими менен бекитилген Медициналык буюмдарды колдонуунун потенциалдуу тобокелдигине жараша классификациялоо эрежелерине ылайык жүргүзүлөт;

2) медициналык буюмдардын коопсуздугу жана натыйжалуулугу боюнча талаптар Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 12-февралындагы № 27 чечими менен бекитилген Медициналык буюмдардын коопсуздугуна жана натыйжалуулугуна жалпы талаптардын, аларды маркалоого жана алардын эксплуатациялык документтерине карата талаптардын 63-пунктунан тышкары, аталган Медициналык буюмдардын коопсуздугуна жана натыйжалуулугуна жалпы талаптарга, аларды маркалоого жана алардын эксплуатациялык документтерине карата талаптарга ылайык коюлат;

3) медициналык буюмдардын биологиялык таасирин баалоо максатында сыноо (изилдөө) Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 16-майындагы № 38 чечими менен бекитилген Медициналык буюмдардын биологиялык таасирин баалоо максатында изилдөөлөрдү (сыноолорду) жүргүзүү эрежелерине ылайык ишке ашырылат;

4) медициналык буюмдарды техникалык сыноо (изилдөө) Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын   12-февралындагы № 28 чечими менен бекитилген Медициналык буюмдарга техникалык сыноолорду жүргүзүү эрежелерине ылайык ишке ашырылат;

5) медициналык буюмдарды клиникалык жана клиникалык-лабораториялык сыноо (изилдөө) Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 12-февралындагы № 29 чечими менен бекитилген Медициналык буюмдарга клиникалык жана клиникалык-лабораториялык сыноолорду (изилдөөлөрдү) жүргүзүү эрежелерине ылайык ишке ашырылат. 

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын  5-июлундагы № 311 “Медициналык буюмдарды каттоо менен байланышкан айрым маселелер жөнүндө” токтому; 

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын  1-августундагы № 359 “Медициналык буюмдардын сапатына, коопсуздугуна жана натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү тартибин бекитүү жана катталган медициналык багыттагы буюмдардын, медициналык имплантанттардын жана диагностикалоо үчүн буюмдардын кошумча таасирлерин мониторингдөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Тиркеме 1 (1).docx

Тиркеме 2 (1).docx

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                                                        А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу