31

Август

2022

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровду республиканын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровду республиканын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. 

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин өз кайрылуусунда достук, өнөктөштүк жана союздаштык принциптерге негизделген орус-кыргыз мамилелери кеңири багытта өнүгүп жаткандыгын белгиледи.

«Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташтык чыңдалууда. Аймактар аралык жана ишкер байланыштар кеңейүүдө. Көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары илгерилетүү, Евразия экономикалык биримдигинде жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинде интеграцияны тереңдетүү максатында жигердүү биргелешкен ишти улантууга даяр экенимди ырастайм», - деп айтылат куттуктоодо.

Михаил Мишустин Акылбек Жапаровго чың ден соолук жана жооптуу ишинде ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын жарандарына бакыт жана гүлдөп өнүгүүнү каалады.