19

Июль

2023

Министрлер Кабинетинде "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын 2023-жылдын I жарым жылдыгы боюнча ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары чыгарылды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын 2023-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча ишмердүүлүгү жөнүндө отчетун укту.

"Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын президенти Алмаз Барыктабасов тарабынан берилген отчетто 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында 5 499 кг алтын сатылгандыгы, мында продукцияны сатып өткөрүүдөн түшкөн анык киреше 341,3 млн АКШ долларын түзгөндүгү, пландык көрсөткүч 287,1 млн АКШ долларын түзгөндүгү белгиленди.

"Өнүктүрүү фондуна төлөмдөр 5,3 млн АКШ долларын түздү.  Социалдык өнүгүүгө салымдар 800 миң АКШ долларын түздү. Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында таза киреше 101,2 млн АКШ долларын түздү", - деп маалымдады Алмаз Барыктабасов.

Мындан тышкары, ал жарым жылда жалпы кубаттуулугу 6,4 МВт ЗИФ болгон 4 дизель генератору алмаштырылганын жана байланыш каналдарына кеткен чыгымдар 30% азайганын, анын ичинде мобилдик жана спутник байланышына кеткен чыгымдар 40% оптималдаштырылганын белгиледи.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча компаниянын президентинин отчету эске алынды.

МинКаб Башчысы Кумтөр Кыргызстандын башкы долбоорлорунун бири гана эмес, азыр өлкө элинин жыргалчылыгы үчүн иштеп жаткан республиканын улуттук байлыгы экенин белгиледи.

"Компаниянын жетекчилиги ишкананын өндүрүштүк цикли үчүн гана эмес, биздин энчибиздин, байлыгыбыздын сакталышы үчүн да жооп берет. Компанияны башкаруунун сапатына жана кен ишканасында тоо-кен иштерин жүргүзүүдө өнөр жай коопсуздугун камсыздоого өзгөчө көңүл буруу зарыл. Компаниянын жетекчилигине өлкөнүн Президенти тарабынан милдеттер коюлган, аны аткаруу керек", - деп Министрлер Кабинетинин Төрагасы сөзүн жыйынтыктады.