16

Июнь

2025

100 күндүк реформаны ишке ашыруу алкагындагы бир катар демилгелердин жыйынтыгы чыгарылды

Бишкек, 2025-жылдын 16-июну, “Ынтымак Ордо” – Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан демилгеленген “Өкмөттүк акселераторлор” программасын ишке ашыруунун алкагында, Аппараттык жыйында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин жеке көзөмөлүндөгү эки приоритеттүү багыт боюнча иштердин жыйынтыгы чыгарылды.

Биринчи багыт ири габариттүү жана оор бөлүнгүс жүктөрдү ташуу үчүн атайын уруксат алуу процедурасын жөнөкөйлөтүү. Мурда бул жол-жобо татаал жана узак болуп, болжол менен 3 күн же 72 саатка созулуп, уруксат алуучунун жеке катышуусун, ашыкча иш кагаздарын жүргүзүүнү жана көптөгөн макулдуктарды талап кылган, бул ишкерлердин жана логистикалык компаниялардын ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизген. Реформанын максаты уруксат алуу убактысын 72 сааттан 1 саатка чейин кыскартуу болгон (өзгөчө оор учурларда эң көп дегенде 3 саат). Негизги жетишкендиктерге 24/7 режимин киргизүү – Түндүк платформасы аркылуу уруксаттарды координациялоонун жана берүүнүн күнү-түнү иштеген электрондук процесси, ишкерлерге арыздарды онлайн тапшыруу жана накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, кайталанма күбөлүктөрдү жана чектерди жок кылуу, зарыл болгон ченемдик укуктук актылардын пакетин берүү үчүн атайын программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана зарыл болгон укуктук актыларды кайра кабыл алуу кирет. Натыйжада, электрондук процессти киргизүү бюрократиялык процесстерди жокко чыгарып, өткөрүү пункттарында уруксат алуу убактысын бир нече саатка чейин кыскартты. Бул инновация Борбордук Азиядагы жана КМШдагы эң тез чечим болуп саналат, ал бизнестин чыгымдарын кыскартууга, өлкөнүн транзиттик потенциалын жогорулатууга жана инвестициялык жагымдуулукту жакшыртууга жардам берет.

Экинчи багыт – айдоочулук күбөлүк алуу үчүн «083» формасындагы медициналык маалымкат алуу жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү. Бул справканы алуунун жол-жобосу жарандар үчүн адаттагыдай эле түйшүктүү болуп, сегиз дарыгерге, психиатрга жана наркологго кайрылууну талап кылган, ошондой эле кагаз түрүндөгү версиясын тиешелүү органдарга жеке тапшырып, 7 күнгө чейин созулуп, медициналык мекемелерге 3 жолудан кем эмес кайрылууну талап кылган. Реформанын максаты - маалымкат алуу мөөнөтүн максималдуу 7 күндөн 2 күнгө чейин кыскартуу, медициналык мекемеге кайрылуунун санын 3 күндөн 1 күнгө чейин чектөө жана кызматты толугу менен электрондук форматка өткөрүү. Бул үчүн зарыл болгон ченемдик-укуктук база түзүлүп, «083» күбөлүктүн санарип форматы бекитилип, «Түндүк» платформасында жаңы кызмат көрсөтүүлөр иштелип чыгып, жарыяланды, ПИН жана пациенттин ID-си боюнча иштөө, электрондук эксперттик корутундулар жана реестрлерден автоматтык текшерүү киргизилди, ошондой эле толтурулган күбөлүктүн жарандарга телефон аркылуу кабарлоо менен Кыргыз Республикасынын Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигине автоматтык түрдө жөнөтүлүшү камсыз кылынды. Натыйжада, справка алуу процесси эки күндөн ашпаган убакытты талап кылат, толугу менен электрондук форматта жүргүзүлөт жана маалыматтарды максималдуу коргоону, жарандардын убактысын үнөмдөөнү жана адам факторунун таасирин жок кылууну камсыз кылат.


 "Бул реформаларды ишке ашыруу башкаруунун жаңы маданиятынын, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптик трансформациялоонун жана жарандардын жана бизнестин муктаждыктарына көңүл буруунун айкын далили болуп саналат. Бул бөлүмдөрдүн бирдиктүү максаттын алкагындагы координацияланган иши кыска убакыттын ичинде кандай натыйжа берерин көрсөтүп турат. Натыйжалуулук, сапат, эффективдүүлүк жана жаңы ыкмалар биз алдыга жыла турган бекем пайдубалга айланууда", - деп баса белгиледи Министрлер Кабинетинин башчысы.

Белгилей кетсек, бул реформалар Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан 2025-жылдын 3-мартында башталган.