Озубеков Райкан Кайназарович “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Талас районунун мамлекеттик администрация башчысы -акими болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев кол койду.