24
Июнь
2016
2011-жылдан 2016-жылга чейинки мезгилде Өкмөт тарабынан инвентаризациянын алкагында 800 мыйзам кылдат талдоодон өткөн
2011-жылдан 2016-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан өлкөнүн мыйзам базасын инвентаризациялоонун биринчи этабынын алкагында 800 мыйзам кылдат талдоодон өткөн. Бул тууралуу Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 23-июнда Жогорку Кеңеште “Өкмөттүк күндүн” жүрүшүндө билдирди.
“Өкмөттүк күн” Кыргыз Республикасынын мыйзам базасын инвентаризациялоо боюнча Өкмөт тарабынан аткарылган иштерге арналды.
Талкуунун жүрүшүндө Өкмөт мүчөлөрү КР Жогорку Кеңешинин депутаттарынын балдардын укугун коргоо, жер тилкелерин мыйзамдаштыруу, чек арада жашап жаткан жарандарга өзгөчө статус берүү, бажы төлөмдөрүн жеңилдетүү жана башка бир катар суроолоруна жооп берди.
Талкуунун жыйынтыгында КР Өкмөтүнө мыйзамдарга инвентаризация жүргүзүү ишин 2016-жылдын ноябрь айына чейин улантуу тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү