23

Февраль

2018

2015-2017-жылдарга Коррупцияга каршы саясаттын мамлекеттик стратегиясын аткаруу жыйынтыктары каралды

Бүгүн, 22-февралда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кеңешмесинде 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын Коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча мамлекеттик органдардын иш-чаралар планын аткаруунун жыйынтыктары каралды. 2015-2017-жылдарга Коррупцияга каршы саясаттын мамлекеттик стратегиясынын аткарылышы тууралуу вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев баяндама жасады. «Коррупцияга каршы туруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер бир катар оңдуу натыйжаларды берди, анын катарында дээрлик бардык мамлекеттик органдарда коррупциянын алдын алуу маселеси боюнча ыйгарым укуктуу жактын болушу, коррупцилык тобокелдиктердин жана корупциогендик кызматтардын бекитилген тизмеси бар экендиги саналат. Буга катар коррупциянын алдын алуу маселеси боюнча комиссиялар жана кеңештер түзүлгөн, ошондой эле жарандарга мамлекеттик тейлөө көрсөтүүнүн административдик регламенттери бекитилип, ишке киргизилүүдө», - деди ал. Мындан тышкары, вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев маалымдагандай, бүгүнкү күндө коррупциялык тобокелдиктердин жана корупциогендик кызматтардын маалыматтык базасы түзүлгөн, тендердик документация, ачуу протоколдору жана процедуралар боюнча маалыматка коомдук жеткиликтүүлүк тажрыйбасы ишке киргизилүүдө. «Бүгүнкү күнү мамлекеттик кызматкерлердин декларациясын кызыкчылыктар кагылышын башкарууну текшерүү механизмдерин ишке киргизүү үчүн укуктук негиздер каралууда. Буга катар маморгандар тарабынан коррупцияга каршы туруу боюнча күч-аракеттер али жетишсиз саналат», - деп белгиледи ал. Алсак, антикоррупциялык багыттагы 106 иш-чараны өзүнө камтыган 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын Коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча мамлекеттик органдардын иш-чаралар планы 42,5% (45 иш-чара) аткарылган. Мында 50 иш-чара жарым-жартылай аткарылган (47,1 %) жана 11 иш-чара аткарылган эмес (10,4%). Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев маалымдагандай, Иш-чаралар планынын аткарылбай, же жарым-жартылай аткарылышы каржылоо булактарынын жоктугу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мыйзам долбоорлорунун четке кагылышы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө отчеттуу аткаруучу жоопкер мамлекеттик органдын болбогондугу, ошондой эле иш-чаранын актуалдуулугу жоголгондугу сыяктуу объективдүү факторлор менен негизделген. «Иш-чаралар планынын мөөнөтү 2017-жылдын декабрында аяктагандыгына карабастан, анын айрым актуалдуу пункттары бүгүн да ишке ашырылууда. Бирок айрым маморгандар тарабынан антикоррупциялк иш-чаралардын толук эмес аткарылышы мамлекеттик башкаруу жаатындагы мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан коррупциялык көрүнүштөргө аеосуз күрөшкө терс таасирин тийгизүүдө», - деп белгиледи вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү