05
Апрель
2016
2015-жылы Бишкек шаарына тартылган тике чет элдик инвестициянын көлөмү 2014-жылга караганда 2,1 эсеге көп болду
2015-жылы Бишкек шаарынын өндүрүштүк ишканалары тарабынан 31461,2 млн сомго продукция өндүрүлүп, жалпы өлкөнүн өнөр жайынын 18,0 % түзөт. 2015-жылы айыл чарба продукциясын чыгаруунун дүң көлөмү 404,1 млн сомду түзүп, 2014-жылга салыштырмалуу 3,3 %га азайды.
Шаардын айыл чарба өндүрүшүнүн салыштырмалуу салмагы республиканын жалпы көлөмүнүн 0,2%ын түзөт. Бишкек шаарында 2015-жылы УСКнын алдын ала маалыматтары боюнча 365,0 млн АКШ доллары суммасында тикелей чет өлкөлүк инвестициялар тартылган, 2014-жылга салыштырмалуу 2,1 эсеге көбүрөөк.
2015-жылы курулуштун дүң продукциясынын көлөмү 37386,6 млн сомду түзгөн же 2014-жылга салыштырмалуу 18,0 %га көбөйгөн. 2015-жылы 30699,5 млн сом капиталдык салымдары өздөштүрүлгөн же 2014-жылга салыштырмалуу 11,2 %га көбүрөөк. 453,0 миң кв. м турак жай пайдаланууга берилген, бул болсо 2014-жылдагы көрсөткүчтөн 7,9 %га көбүрөөк.
2015-жылы рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 304562,3 млн сомду түзүп, өсүү темпи 105,7 %га барабар болгон, алардын ичинен сооданы жүгүртүү, автомобилдерди, тиричилик буюмдарын жана жеке пайдалануу предметтерин оңдоо 207069,2 млн сомду түзүп, өсүү темпи 106,9 %га барабар болгон. 2015-жылы бир кызматкердин орточо айлык номиналдуу эмгек акысы (чакан ишканаларды эсепке албастан) 17437 сомду түзүп, 2014-жылга салыштырмалуу 8,9 %га көбөйгөн, ал эми керектөө бааларынын индексин көңүлгө алуу менен эсептелген анын реалдуу өлчөмү 102,5 %ды түзгөн.
2015-жылы жашоо минимумунун өлчөмү 5212,95 сомду түзүп, 2014-жылга салыштырмалуу 3,4 %га өскөн. 2016-жылдын 1-январына карата расмий түрдө катталган жумушсуздардын саны шаар боюнча 6894 адамды түзүп, 2015-жылдын ушул датасына карата 94,2 %га барабар болгон.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү