06
Апрель
2016
2015-жылы Чүй облусунда 149,1 миң чарчы метр турак-жай пайдаланууга берилди же 2014-жылга караганга 106,6 %га көп
2015-жылы өнөр жай ишканалары тарабынан 68469,9 млн сом суммасында продукция өндүрүлдү. Айыл чарба продукциясын чыгаруунун дүң көлөмү 51231,5 млн сомду түздү жана 2014-жылга салыштырмалуу 14,5 %га жогорулады. Курулуштун дүң продукциясынын көлөмү 2015-жылы 29320,8 млн сомду түздү, же 2014-жылга салыштырмалуу 43,3 %га көбөйдү.
2015-жылы 33556,1 млн сомдук капиталдык салымдар өздөштүрүлдү же 2014-жылга салыштырмалуу 28,2 %га көбүрөөк. Эксплуатацияга 149,1 миң кв. м турак жай берилди, же 2014-жылдагы көрсөткүчкө 106,6 %ды түздү.
2015-жылы чет өлкөлүк тикелей инвестициялар 88,1 млн АКШ доллары суммасында тартылды, же 2014-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 49,2 %га азыраак. 2015-жылы бир кызматкердин орто айлык номиналдык эмгек акысы (чакан ишканаларды эске албаганда) 11745 сомду түздү, 2014-жылга салыштырмалуу 8,5 %га көбөйдү, ал эми анын реалдуу өлчөмү керектөө бааларынын индексин эске алуу менен 100,1 %ды түздү.
2015-жылы жашоо минимумунун чоңдугу 4857,21 сомду түздү жана 2014-жылга салыштырмалуу 3,2 %га көбөйдү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү