05
Апрель
2016
2015-жылы мамлекеттик тышкы карызды жоюуга 7 483,7 млн сом бөлүндү
2015-жылдын 31-декабрына карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызы 288 803,9 млн сом (3 805,1 млн. АКШ долларын) түздү. Анын ичинен:
- мамлекеттик тышкы карыз 273 320,2 млн сом (3 601,1 млн долл.), жалпы карыздын 95 % ын түзөт; - мамлекеттик ички карыз 15 483,7 млн сом (204,0 млн долл.), жалпы карыздын 5 % ын түзөт;
2015-жылга жалпы мамлекеттик карызды төлөө үчүн 14 364,4 млн сом каралып, тышкы мамлекеттик карызды төлөөгө 7 483,7 млн сом, ал эми мамлекеттик ички карызды төлөөгө 6 880,7 млн сом жумшалды.
Муну менен катар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2015-жылы мамлекеттик карыздарды төлөөгө каражатты өз убагында жана толук бойдон бөлүп берди.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү