06

Апрель

2016

2015-жылы Ош шаарында 73,8 миң чарчы метр турак-жай пайдаланууга берилди.

2015-жылы Ош шаарында 73,8 миң кв. м турак-жай пайдаланууга берилди. Бул 2014-жылга салыштырмалуу 1,5эсеге көп. 2015-жылы өнөр жай ишканалары тарабынан 3332,8 млн сом суммасына продукция чыгарылган, бул республиканын өнөр жайынын жалпы көлөмүнөн 1,9 %ды түзүүдө. 2015-жылы айыл чарба продукциясын дүң чыгаруунун көлөмү 843,8 млн сомду түзүп, 2014-жылга салыштырмалуу 4,9 %га көбүрөөк болгон. Шаардын айыл чарба өндүрүшүнүн салыштырмалуу салмагы республикадагы жалпы көлөмдөн 0,4 %ды түзүүдө. 2015-жылы курулуштун дүң продукциясынын көлөмү 3718,4 млн сомду түзүп, 2014-жылга салыштырмалуу 0,8 %га көбөйгөн. 2015-жылы 2828,5 млн сом капиталдык салымдар өздөштүрүлгөн, бул болсо 2014-жылга салыштырмалуу 17,2 %га көбүрөөк. 73,8 миң кв. м турак жай пайдаланууга берилип, 2014-жылга салыштырмалуу 1,5 эсеге көбүрөөк болгон. 2015-жылы рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 43877,2 млн сомду түзүп, өсүү темпи 103,6 %га барабар болгон, алардын ичинен соода жүгүртүү, автомобилдерди, тиричилик буюмдарын жана жеке пайдалануу предметтерин оңдоо 36075,2 млн сомду түзүп, өсүү темпи 107,9 % барабар болгон. Ош шаарында 2015-жылы алдын ала маалыматтары боюнча 10,7 миң АКШ доллары көлөмүндө тикелей чет өлкөлүк инвестициялар тартылган. 2015-жылы бир кызматкердин орто айлык номиналдуу эмгек акысы (чакан ишканаларды эсепке албастан) 12178 сомду түзүп, иш жүзүндө инфляцияны эске алуу менен 5,6 пайыздык пунктка көбөйгөн. 2016-жылдын 1-январына карата расмий түрдө катталган жумушсуздардын саны шаар боюнча 2447 адамды түздү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү