06

Апрель

2016

2015-жылы Талас облусунда 42,4 миң чарчы метр турак-жай пайдаланууга берилди 2015-жылы Талас облусунда өнөр жай ишканалары тарабынан 962,4 млн сом суммасында продукция өндүрүлдү.

Облустун өнөр жайынын салыштырма салмагы республиканын өнөр жайынын жалпы көлөмүнүн 0,5 %ын түзөт. 2015-жылы айыл чарба продукциясын дүң чыгаруунун көлөмү 18129,8 млн сомду түздү жана 2014-жылга салыштырганда 4,9 %га реалдуу өстү. Облустун айыл чарба өндүрүшүнүн салыштырма салмагы республиканын жалпы көлөмүнүн 9,2 %ын түзөт. Алдын-ала маалыматы боюнча 0,9 млн АКШ доллары суммасында чет өлкөлүк түз инвестициялар тартылган. 2015-жылы курулуштун дүң продукциясынын өлчөмү 1463,8 млн сомду түздү жана 2014-жылга салыштырмалуу 10,3 %га көбөйдү. 2015-жылы 1298,9 млн сомдук капиталдык салымдар же 2014-жылга караганда 13,5 %га көп өздөштүрүлдү. 2015-жылда 42,4 миң кв.м турак жай эксплуатацияга берилди же 2014-жылдын деңгээлине карата 107,5 %ды түздү. 2015-жылы бир кызматкердин орточо айлык номиналдуу эмгек акысы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 10147 сомду түздү, 2014-жыл менен салыштырганда 9,1 %га көбөйдү, ал эми анын керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген реалдуу өлчөмү 1,7 %га көбөйдү. 2015-жылы жашоо минимумунун өлчөмү 4724,32 сомду түздү жана 2014-жылга салыштырмалуу 2,0 %га көбөйдү.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү