15

Февраль

2014

Итоговый пресс-релиз

(10-14 февраль  2014-жыл)

10 февраль

Тайырбек Сарпашев энергетика жана өнөр жайы министрлигинин  коллегиясына катышты

Коллегияда  Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жайы министрлигинин 2013-жылдагы социалдык-экономикалык жыйынтыгы жана 2014-жылга мерчемдери талкууланды.

Энергетика секторунун иши тууралуу баяндаманы министрликтин статс-катчысы  Батыркул Баетов жасады.

Анын билдирүүсүндө, 2013-жылдын 12 айында 13,99 млрд. кВт саат электр энергиясы иштелип чыккан., ал эми экспорт 374,8 млрд. кВт саат.

“Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 1-апрелге карата ички керектөөлөрдү жана экспортту эсепке алуу менен 9 млрд. кубду түзөт. Бул 2012-жылга караганда 2,2 млрд. кубга аз. Экспортту төмөндөтүү менен электр энергиясын 1,2 млрд кВт саат көлөмүндө электр энергиясында жоготууну кыскарта алдык. Бөлүштүрүү компанияларына 11,1 млрд. кВт саат электр энергиясы келип түштү жана бул көрсөткүч 2012-жылга салыштырмалуу 108 млн. кВт саатка аз. Бул жерде 9,05 млрд. кВт саат пайдалуу электр энергиясы жана 2012-жылга караганда 280,5 млн. кВт саатка көп сарпталган. Натыйжада, бөлүштүрүү компанияларында электр энергиясынын көлөмү 1,98 млрд. кВт саат, 2012-жылга караганда 385,6 млн. кВт саатка аз жоготуу болгон. 2012-жылдагы жоготуунун көлөмү  2,37 млрд. кВт саат”, -деп жыйынтыктады ал.

Суунун аз көлөмдүү мезгилин эсепке алуу менен, ошондой эле, аба ырайынын суук мезгилине байланыштуу электр энергиясын пайдалануунун көлөмү өсүп жаткандыктан, Батыркул Баетов пайдалануучуларды жарыктын мезгил-мезгили менен өчүрүлүшүнө түшүнүү менен мамиле кылууну чакырды.

Коллегиянын жүрүшүндө Тайырбек Сарпашев ички тартипке көз салууну жана тармак боюнча нормативдик укуктук актыларды даярдоого өзгөчө мамиле кылууга чакырды.

Өнөр жайындагы абал менен меймандарды Канатбек Муратбеков тааныштырды.

“2013-жылдын жыйынтыгы менен өнөр жайлары 164,8 млрд. сомго продукция өндүргөн, же 2012-жылга караганда 34,3 %га ЖАК “Кумтөр Голд Компанинин” эсебинен өскөн. “Кумтөрдү” эсепке албаганда 84,7 млрд. сом, же 103,5 пайызга өсүш орун алган”, – деди министрдин орун  басары

.

Канатбек Муратбеков  дагы министрлик тарабынан орто мөөнөттөгү эки программа иштелип чыкканын, алар – кайра иштетип чыгаруу өнөр жайы жана текстиль, тигүү өнөр жайларын 2013-2015-жылдарга карата өнүктүрүү программасы экендигин айтты.

Коллегияда Тайырбек Сарпашев жаратылыш газы үчүн төломдөрдүн жыйымын жогорулатууну тапшырды.

“Учурда, “Газпром” компаниясынын биздин рынокко келиши менен төлөмдөрдүн жыйымын  өзгөртүшүбүз керек. Мурда биз карыз болгон тараптарга убакыт берип келген болсок, эми европалык стандарт менен иш алып барган “Газпрпом” карыз болгондорду түз эле өчүрөт”, – деди ал.

****

Жантөрө Сатыбалдиев Европалык аймактык бюросунун мүдүрү Жужанна Якабды кабыл алды

Жолугушууда Кыргызстан менен Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кызматташтыгынын келечеги, 2020-жылга чейинки саламаттык сактоо Стратегиясы талкууланды.

Жантөрө Сатыбалдиев республиканын саламаттык сактоо тармагына көрсөтүлгөн жардам үчүн Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна ыраазычылыгын билдирди

Премьер-министр атамекендик саламаттык сактоо тармагындагы көйгөйлөр тууралуу да кеп кылды.

“”Манас” жана “Манас таалими” программаларынын ишке ашырууда реформаларга карабай саламаттык сактоо тармагында айрым көйгөйлөр чечилбей калды. Аталган программаларды ишке ашырууда оң учур болгону менен күтүлгөн жыйынтыктар болгон жок. Учурда республикалык бюджетте саламаттык сактоо тармагынын салыштырма салмагы  башка тармактарга караганда жогору. Былтыр саламаттык сактоо тармагына 13 млрд. сом бөлүнгөн.  Анткен менен, бул каражаттар натыйжалуу пайдаланылган эмес”, – деди Жантөрө Сатыбалдиев.

Жужанна Якабдын пикиринде, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму саламаттык сактоо тармагына Өкмөт тарабынан жакшы колдоолор болуп жатканын көрүүдө. “Биринчи кезекте, саламаттык сактоонун айрым индикаторлорунда көрсөткүчтөр мыкты. Балдардын өлүмүнүн катталышы төмөндөй баштады, жүрөк-кан тамыр ооруларынын саны азайууда. Бул жакшы көрүнүш”, – деди ал.

Жолугушуунун жыйынтыгы менен тараптар саламаттык сактоо тармагын жакшыртуу боюнча Жол картасын иштеп чыгуучу биргелешкен   жумушчу топ түзмөй болду.

11 февраль

Чүй облусунун өнөр жай продукциясынын жалпы көлөмүнүн салыштырма салмагы 40,3%

Бул туурасында 10-февралда, Кыргыз республикасынын Вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашевдин катышуусу менен өткөн  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиясында айтылды.

Коллегиянын жүрүшүндө аймактын 2013-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жана 2014-жылга карата мерчемдери талкууланды.

Коллегияда негизги баяндаманы Кыргыз республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Туратбек Жунушалиев жасады.

“2013-жылы облуста 66 383,6 млн. сомго продукция өндүрүлгөн, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 134,2 пайызды түзөт. Чүй облусунун өнөр жай продукциясынын жалпы көлөмүнүн салыштырма салмагы 40,3% ( 2013-ж – 36,2 %). Былтыркы жылдын ушул мезгилине карата ички дүң продукция көлөмү жана айыл чарба кызматы 41728,7 млн. сом же 106,7%. 2013-жылы курулушка каралган капиталдык салымдын көлөмү 15085,6 млн. сом жана бул көрсөткүч андан мурдагы жылга салыштырмалуу 20,5%га көп. Облус боюнча 114 ишкана туруктуу иштеди жана өнөр жай өндүрүшүнүн басыгын төмөндөткөн жок. 2013-жылы ошондой эле, жаңы ишканалар ишке берилип, 231 чарба өндүрүш тармагында кайра жандандырылды. Анын ичинен 29 – өнөр жай ишканалары, 24 – цех, аларда 2420 жумушчу орун бар”, – деген маалыматын берди ал.

Туратбек Жунушалиевдин айтканына караганда, 2013-жылы январь-декабрь айларында айыл чарбасында ички дүң продукциянын көлөмү 41728,7 млн. сом, же мурдагы жылга караганда 3191,4 млн. сомго көп. 2012-жылга салыштырмалуу 106,7% өсүш байкалат.

Коллегияны жыйынтыктап жатып, Тайырбек Сарпашев жергиликтүү калктын негиздүү маселелерин чечүүдө жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жетекчилерин ыйгарым укуктарын жигердүү пайдаланууга чакырды.

“2013-жыл экономикалык өсүштүн жылы болду. Чүй облусунун экономикалык потенциалын мындан ары да жогорулатуу үчүн ушул көрсөткүчтү түшүрбөй кармоо зарылчылыгын айтты. Быйыл Кара-Балта менен Токмокто мунайды кайра иштетүүчү заводдору ишке берилет, “Алтын-Кен” ишканасы иштеп баштайт. Бул жергиликтүү бюджетке да, республикалык казынага да чоң жардам. Жергиликтүү бюджетти толуктоонун дагы бир булагы – жерге болгон салык. Анын көлөмүн көтөрүү керек жана анын ижара акысын аныктоону жергиликтүү бийликке тапшыруу зарыл”, – деди ал.

Чүй облустук төрөт үйүн кеңейтүү максатында кошумча корпусун куруу же башка имарат караштыруу өтүнүчүн карап чыгып маселени оң жагына чечип берүүнү убада кылды Вице-премьер-министр.

12 февраль

Ооган согушунда шейит болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрү үчүн турак жайлардын курулушун аяктоого жардам көрсөтөбүз 

Бул туурасында Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Ооганстан Республикасынын чектелген контингентинен советтик жоокерлерди чыгарган   күндүн 25 жылдыгына арналган салтанаттуу чогулушунда айтты.

Премьер-министр  жоокерлер, сержанттар жана офицерлерге кайрылып жатып,  аскердик намыс, эрдик, кайраттуулук  жана чечкиндүүлүк сапаттарга ээ интернационалист  аскерлер өсүп келе жаткан кыргыздын жаш муундарына үлгү болушу керек экендигин белгилеп өттү.

«Бүгүнкү күндө  дээрлик  бардык  элдик чарба, аскер, коргоо органдарынын тармактарында   дал ушул согушту көргөн жоокерлер ийгиликтүү эмгектенип келишет. Канча жыл өтсө да Ооганстанда согушкан аскер, жоокерлерибиздин эрдиги түбөлүккө эсибизде калат. Кыйынчылык жана жоготууларга карабай, алар өз  милдетин сыймык менен аткарышты. Сиздер – эрктүүлүктүн жана баатырдыктын элесин бересиңер. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мындан ары да Ооган согушунун ардагерлерине, курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө жардам берүүсүн улантат.   Биз Токмок шаарында Ооганда каза болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө жана майып аскерлерге  курулуп жаткан көп  кабаттуу үйдүн курулуш ишин аяктоого керектүү каражатты бөлүп берүү маселесин карап чыгууга даярбыз”- деди Өкмөт башчы.

Бир күн мурда  өлкөнүн Премьер-министри согуш аракеттердин натыйжасынан жарадар болгон  майып аскерлерге, Ооган согушунун катышуучуларына, шейит болгондордун үй-бүлөлөрүнө, 5 миң сом өлчөмүндөгү каражат жардам катары көрсөтүү боюнча  токтомго кол койгондугун эске салабыз.

13 февраль

КР Өкмөтүнө караштуу адам укуктары боюнча Координациялык кеңештин жыйыны болду

Кеңештин  жүрүшүндө  Кыргыз Республикасынын вице-премьер -министри    Токон Мамытов Кыргызстан адам укуктары боюнча 40 конвенцияга кол койгонун белгиледи.

«Биз адам укуктары боюнча БУУ менен конструктивдүү кызматташуудабыз жана алдыбыздагы бардык милдеттерди аткарууга аракеттенебиз. Айрым чечүүнү талап кылган маселелерге карабастан, жетишкендиктер да бар. Бул тууралуу былтыр түзүлгөн Координациялык кеңештин иши айгинелеп турат», — деди ал.

Вице-премьер -министр быйыл республика БУУга адам укуктары туурасында үч баяндама жасоого тийиш экендигин эскертип өттү. «Баяндамалар өз мөөнөтүндө даяр болуусу керек», – деп кошумчалады Токон Мамытов министрликтердин жана мекемелердин жетекчилерине кайрылып. Жыйындын жүрүшүндө Кыргызстандын БУУ адам укуктары боюнча механизмдери менен өз ара иш аракеттери жана эл аралык органдардын чечимдерин аткаруу, ошондой эле Координациялык кеңештин 2014-жылга карата иш мерчемдери тууралуу маселелер каралды.

14 февраль

ЕИБ  Кыргызстанда жылдын соңуна чейин бир катар инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну пландоодо

Бул туурасында  Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министриЖоомартОторбаевЕвропалык Инвестициялык Банктын (ЕИБ)БорбордукАзия өлкөлөрдөгү банктардын ишмердүүлүгүн координациялаган өкүлчүлүгүУмберто Дел Панта менен жолугушусунда айтылды.

Бул ЕИБ  менен Кыргыз республикасынын кызматташуу боюнча   макулдашууну ратификациялоосуна  кол коюлгандан кийинки, ЕИБ өкүлчүлүгүнүн Кыргыз республикасына болгон биринчи сапары.

Жолугушуунун жүрүшүндө  Умберто дел Панта Биринчи Вице-премьер-министрди 2014-жылы КыргызстанБорбордук Азиядагы  банк үчүн ылайыктуу өлкө болоорун, ошондой эле жылдын аягына чейин ЕИБ энергетика, айыл чарба өндүрүүчүлөрдү колдоого, ошондой эле таза суу менен камсыз кылуу,  жана Ош, Жалал-абад шаарларындагы калдыктарды    утилизациялоо  долбоорлоруна каражат бөлүп берүүнү пландап жаткандыгы туурасында маалымдады.

Умберто Дел Панта ЕИБ Борбордук Азия аймагына  200 миллиондон 300 миллион еврого чейин каражат бөлүп берүүгө даяр экендигин белгиледи.

Өз учурунда Жоомарт Оторбаев Кыргызстандагы  каржылоонун жетишсиздиги ишкерлер үчүн  бирден бир татаал  көйгөй болуп келээрин, ошондой эле   узак мөөнөттү финансы булактарын тартуу маанилүү экендигин белгиледи.

*****

“Айыл чарбасын каржылоо – 2” долбоорун ишке киргизүү  башталды

Бул туурасында  Кыргыз Республикасынын вице-премьер -министри Тайырбек Сарпашев Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин  2013-жылдагы ишинин жыйынтыгын  жана 2014-жылга карата  мерчемдерин  талкуулаган коллегиясында айтты.

Мекеменин иши тууралуу  баяндаманы Кыргыз  Республикасынын  айыл  чарба  жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев  берди.

Ал Республикада 2013-жылы   172 млн сомго жакын  айыл чарба азыктары өндүрүлгөндүгүн белгиледи:

«Жалпы өсүш 2012-жылга салыштырмалуу 2,9  пайызды түздү. Ошондой эле өсүмдүк өстүрүүдө -86,5 миллиард сомдук, мал чарбачылыгында-81,6 миллиард сомдук азык өндүрүлгөн.  2013-жылдын январь-декабрь айлары менен айыл чарба продукцияларынын өндүрүшүндө мал чарбачылыгы 47,5%, өсүмдүк өстүрүү – 50,3%, тейлөө – 2,1 %, токой чарбасы – 0,1% жана көрсөтүлгөн кызматтар-2% түздү», — деди министрдин орун басары.

Өз учурунда вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү    дыйкандар менен малчыларга жеңилдетилген насыялар, айыл чарба техникасын лизингге берүүнү колго алып жана анын негизинде  сапаттуу  жер семирткичтерди алып келүү менен  мындан ары колдоо көрсөтүүнү улантарын  белгиледи .

«Бүгүнкү күндө Кыргызстан сатып алган  18миң тонна  минералдык жер семирткичтердин 5 миң тоннасы дыйкандарга иштетүүгө берилген.  Жазга чейин өлкөбүзгө 100 миң тоннага жакын жер семирткичтерин алып келүүнү пландоодобуз.  Минералдык жер семирткичтердин баасы базар бааларынан бир канча төмөн болуп, учурда мындай сатуу ордулалын көбөйтүү жана  ишке киргизүү маселелерин иштеп чыгуу каралууда,»-  деди вице-премьер-министр.

Ошондой эле Тайырбек Сарпашев  фермерлерге жана айыл чарба азыктарын өндүрүүчүлөргө  2 жыл мөөнөтүндө насыя берүү каралып “Айыл чарбасын каржылоо – 2” долбоорун ишке киргизүү башталгандын айтып өттү.

«Берилүүчү насыянын көлөмүн көбөйттүк. Эгер мурда бир адамга 250 миң сомго чейин берилсе, эми дыйкандар 400 миң сом өлчөмүнө чейин ала алышат. Ошондой эле  үстүбүздөгү жылы кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө көбүрөөк көңүл бурулат. Айыл чарба азыктарын иштеткендерге 2 жыл мөөнөтүнө чейин 9% үстөк менен бере алабыз. Бул каражаттарды алууну каалагандар эмтеден арыздарын беришүүдө», —деди Вице-премьер-министр.

*****

Жантөрө Сатыбалдиев  Улуттук илимдер академиясынын президиумунун мүчөлөрү, академиктер менен жолукту.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө мекеменин  тез арада чечилүүчү көйгөйлөрү көтөрүлүп, аларды чечүү жолдору каралды.

Ж.Сатыбалдиев рассказал о важности реформирования НАН КР, о необходимости проведения оптимизации или реорганизации.

Жолугушууда  Ж.Сатыбалдиев учурдун талабына ылайык  Илимдер академиясын  жакшыртуу жана кайрадан уюштуруу жолу менен реформалоо маанилүү  экендигин айтып өттү.

«Бүгүнкү  күндө илим  оор күндөрдү башынан өткөрүүдө.   Бирок баары жаман деп айтуу да туура эмес.  Тармактуу жана окуу илимдерин өнүктүрүү  үчүн  көп иштерди аткаруу керек. Өз учурунда Өкмөт бул үчүн   жардам берүүгө даяр. Академиянын бюджетинин өсүү абалы сакталып калат», —деди Ж.Сатыбалдиев, Өкмөттүн кароосуна   КР УИА кызматчыларынын айлык акысын көтөрүү боюнча  сунуштарды киргизүү үчүн  атайын иш тобун түзүү тапшырмасын берди.

УИА бул жылы түзүлгөндүгүнө  60 жыл болгондугун эске алып,  Өкмөт  башчы иш чарыны Өткөрүүгө 1млн.сом бөлүнөрүн айтты.

Кадровлык саясат

Алымкулов Эмилбек Абдыраимович  берген арызына  ылайык  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы  ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары ээлеген кызматынан бошотулду.

Асизов Касен  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри  Жантөрө  Сатыбалдиев кол койду.

Иш кагаздарын жүгүртүү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына үстүбүздөгү жылдын 10-февралынан 14-февралына  чейин  министрликтерден, администрациялык мекемелерден жана башка республиканын мамлекеттик  органдарынан 858 иш кагазы келип түштү жана катталды.

КР Өкмөтүнүн жетекчилигинин тапшырмасы менен министрликтер менен мекемелерге 1963 иш кагаз жөнөтүлдү, анын 124ү  сунуш мүнөзүндө.

33  нормативдик акт чыгарылды, анын ичинде:

КР Өкмөтүнүн токтомдору -14;

КР Өкмөтүнүн буйругу -11;

КР Премьер-министрдин буйругу – 8;

КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министрдин буйругу – 0.

16 нормативдик укуктук актыларынын долбоору экспертизадан өттү. КР Өкмөтүнө караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына 1 долбоор кайра иштеп чыгуу үчүн жөнөтүлдү.