12

Сентябрь

2014

Вице-премьер-министр Валерий Диль «ZHEFU» кытай компаниясынын өкүлдөрүн кабыл алды

Бүгүн, 11-сентябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Диль

кытай компаниясынын өкүлдөрүн кабыл алды.

Жолугушуу учурунда Валерий Диль Кыргызстандын экономикасына чет элдик инвестицияларды тартуу маанилүүлүгүн белгиледи.

“Биз гидроэнергетика жаатында чоң мүмкүндүктөргө ээбиз. Ошондуктан биз сиздерге кичи жана орто энергетика жаатындагы долбоорлорду карап көрүүнү сунуштайбыз»,- деди вице-премьер-министр Валерий Диль.

Маалымдама:

«ZHEFU» — ири энергетикалык компания, жылдык жүгүртүүсү 400 млн АКШ долларына жана рыноктук наркы 2,5 млрд. долларга барабар, ал дүйнө боюнча гидроэнергетикалык жабдууларды сатат.

Компания гидроэнергетикалык объектилерди куруу тармагындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, тактап айтканда, иштеп жаткан ГЭС реконструкциялоо багытында алектенет.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү