23

Сентябрь

2015

Премьер-министр Темир Сариев Улуттук Госпиталдын айланасындагы мыйзамсыз обьекттерди иретке келтирүүнү тапшырды

Премьер-министр Темир Сариев Улуттук госпиталдын имаратынын айланасында мыйзамсыз коюлган соода күркөлөрүн жана ашканаларды  иретке салууну тапшырды. Мындай тапшырманы Премьер-министр Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук Хирургия борбору жана Улуттук госпиталдын ишмердиги  менен таанышып жатып берди. Анда Темир Сариев оорукананын аймагында ар кыл соода күркөлөрүнүн коюлушу  ооруканага жана бейтаптарга ыңгайсыздык жаратып жатканын белгиледи. Буга байланыштуу борбор шаардын Биринчи май районунун жетекчилигине кыска мөөнөттүн ичинде мыйзамсыз обьекттерди алууну тапшырды. Премьер-министр аталган ооруканалардын ишмердиги жана оңдолуп жаткан бөлүмдөрдүн курулуш иштери менен таанышты. Премьер-министр өкмөт саламаттыкты сактоо тармагына көңүл бурууну күчөтүп, жарандарды сапаттуу жана жеткиликтүү медициналык кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу үчүн бардык аракетти көрүп жактанын билдирди.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү