22

Апрель

2014

Абдырахман Маматалиев принял заместителя регионального представителя УВКПЧ ООН Элизабет да Кошта

Бүгүн, 21-апрелде, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча башкы Комиссарынын башкармалыгынын аймактык өкүлүнүн орун басары Элизабет да Коштаны кабыл алды.

Абдырахман Маматалиев маектешүү учурунда адам укуктарын коргоо Өкмөттүн приоритеттүү иштеринен экендигин билдирди. Ал өкүлгө өнөктөштүк жана адам укуктары боюнча Координациялык кеңештин ишине колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

“Биз адам укуктарын коргоого өзгөчө көңүл бурабыз. Кыргызстанда КМШ мамлекеттеринин ичинде биринчи жолу омбудсмен институту түзүлгөн жана биз мындан ары да тыгыз кызматташтыкта иш алып барабыз. Ошондой эле, Өкмөт адам укуктарын коргоо боюнча жарандык коом менен диалогго даяр жана пайда болгон маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтөт”, - деди ал.

Элизабет да Кошта Абдырахман Маматалиевди вице-премьер-министрлик орунга дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгилик каалады. “Кыргызстан Орто Азияда БУУ менен кызматташууда, эл аралык келишимдерди, сунуштарды аткарууда үлгү көрсөтчү мамлекет. Биз бул багытта ишибиз дагы тереңдей берет деп ишенем”, деди Элизабет да Кошта.

Андан соң, тараптар Кыргыз республикасынын Өкмөтүнө караштуу адам укуктары боюнча Координациялык кеңешинин мындан аркы ишин кеп кылышты. Ошондой эле, Универсалдуу мезгилдүү сереп боюнча БУУда адам укуктары боюнча улуттук докладына даярдыктын жүрүшү, мигранттардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн уктарынын корголушу жөнүндө БУУнун Конвенциясынын жоболорун аткаруу боюнча Улуттук мезгилдүү отчету, балдардын укугун коргоо Конвенциясынын аткарылышы жөнүндө доклады тууралуу сөз болду.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү