19

Апрель

2014

«Баткен» аэропортуна Эл аралык макам берилди

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү токтомуна Премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койду. Чечим Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин 57-беренесинин 5-бөлүмүнө жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек аралары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык кабыл алынган. Аталган токтом “Баткен” аэропортунун инфраструктурасын жана унаа потенциалын жогорулатууга жана туризм тармагын өнүктүрүүгө жагымдуу шарт түзүү үчүн кабыл алынган. Аэропортко Эл аралык макам, мындай жогорку инфраструктуралык масштабдагы долбоорго жеке эл аралык инвестиция тартуу үчүн шарт түзүү максатында берилип отурат. Учурда республиканын түштүк аймагында жүргүнчүлөрдүн саны арбыды. “Манас” эл аралык аэропортуна салыштырмалуу “Ош” эл аралык аэропортунда каттамдардын саны да көбөйдү. Түштүк аймакта эл аралык авиа каттамдары болжол менен дагы көбөйө бермекчи. Ош шаарына жакын “Баткен” аэропорту. Ал географиялык шарты жагынан маанилүү унаа потенциалы. “Баткен” аэропорту Баткен шаарынан 600 чакырым түштүк-чыгышта, “Ош” эл аралык аэропортунан 184 чакырым алыс жайгашкан. Аэродромдун чексиз бийиктиги 1090 м, 3С классында. Ээлеген аянтынын көлөмү 66 гектар. “Баткен” аэропорту 1984-жылы пайдаланууга берилген. Аба порту 24 тонна салмактагы аба кемелери үчүн долбоорлонгон жана курулган. Анда негизинен АН-24, Як-40 жана төмөнкү класстагы аба кемелери пайдаланылат. 2012-жылы “Баткен” аэропортуна 20 миңден ашуун жүргүнчү келген. Учурда аэропортто жумасына үч жолу ВAe-1464 пайдаланылат. 2014-жылы заманбап жана бир катар оор аба кемелерин кабыл алууга ылайыкташтырылып аэродромдун жасалма каптамы реконструкцияланат (узуну 200 метрге, туурасы 45 метрге узартылат). Инженердик-геодезиялык жана инженердик-геологиялык изилдөөлөр жүргүзүлгөн. “Баткен” аэропортуна “Эл аралык” макамдын берилиши эл аралык багыттарга каттамдарды көбөйтөт жана аэропорттун инфраструктурасын өнүктүрүүдө келечектүү кызматташтыктарга жол ачат. Орусия Федерациясына Өзбекстан, Тажикстан тараптан болгон суроо-талапты канааттандырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү