26

Март

2014

Республиканын банктары фермерлерге 1 миллиард сом көлөмүндөгү насыя берди

26-мартка карата, “Айыл чарбасын каржылоо-2” долбоорунун алкагында республиканын дыйкандарына, фермердик чарбаларга, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчүлөргө  жалпы суммасы 1 миллиард 297 миллион 429 миң сом көлөмүндөгү 4 288 жеңилдетилген насыя берилди.

Учурда насыя берүү боюнча банктардын мисалында төмөндөгүдөй:

ААК «Айыл Банк»   1 982 насыя 573 331,0 миң сом.

ААК «РСК Банк» 1 359 насыя 457 344,0 миң сом.

ААК «Бакай Банк» 91 насыя 17 337,0 миң сом.

ЖАК «KICB»  364 насыя 107  080,0 миң сом.

ААК  «Оптима банк» 492 насыя 142 337,0 миң сом.

Өсүмдүк өстүрүүгө 123 715,00 миң сом көлөмүндөгү 511 насыя, мал чарбачылыкка 1 085 314,00 миң сом 3 760 насыяга, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө жана айыл чарба кооперативдерине 17 насыя 88 400,00 миң сом көлөмүндө берилген.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү