07

Май

2016

Биринчи Вице-премьер-министр Кыргыз радиосунун 85 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чарага катышты

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев Кыргыз радиосунун түптөлгөндүгүнүн 85 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чарага катышты. Мухамметкалый Абулгазиев Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун жана жеке өзүнүн атынан радио кызматкерлерин куттуктады. Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан радионун бир катар кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды. Талыкпаган эмгеги жана мыкты тажрыйбасы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы Кыргыз радиосунун комментатору Ахматова Жыпар Муташовнага, Биринчи радионун баяндамачысы Егинбаева Ирина Егинбаевнага тапшырылды. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин аты жазылган  саат менен Кыргыз радиосунун программалоо бөлүмүнүн ассистенти Абиталипова Роза Кылычевна, жогорку категориядагы режисер Ашыракманов Бакытбек Асанакунович сыйланышты. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан Биринчи радионун комментатору Абдыкалыков Сагынбек Абдыкалыковичке, “Алтын Фонд” борборунун редактору Сарыгулова Берметкан Сарыгуловнага жана «Мин Кыял FM» радиосунун алып баруучусу Эгембердиев Улан Намысбековичке алкыш жарыяланды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү