01

Октябрь

2016

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев: ЕАЭБ шартында азык-түлүктөрдү сатканга шарт түзүп берүү үчүн Өкмөт болгон аракетин жумшоодо

ЕАЭБ шартында азык-түлүктөрдү сатуу, лабороторияларды салуу, мал чарбасындагы продукцияларды сертификациялоо, алардын сапатын жогорулатып, сыртка сатуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү болгон аракетин жумшоодо. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухаммтекалый Абулгазиев Талас облусуна бир күндүк жумуш сапары менен барып, жергиликтүү дыйкан-фермерлер менен жолукканда билдирди.

Биринчи вице-премьер-министр Мухаммтекалый Абулгазиев Талас облусунда «Ынтымак-ийгиликтин башаты» аттуу жыйынга катышып, өлкөдөгү социалдык абал, төө буурчак жана кен тармагындагы маселелер боюнча жергиликтүү тургундардын суроолоруна жооп берди.

Быйыл 1 кг төө буурчактын баасы 52-58 сомго чейин жетти. 2015-жылы ушул убакта 1 кг төө буурчак 25-30 сом болгон. Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри, быйыл Аргентина жана Египет өңдүү мамлекеттерде төө буурчак жакшы түшүм бербегендиктен, Кыргызстанда баа көтөрүлгөнүн билдирди. Ушул күнгө экспортко 5652 тонна буурчак жөнөтүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Дайыр Кенекеев, облуста эки жерде жеке төө буурчакты орогон чакан заводдор курулуп жатканын, алар ишке кирсе, баа дагы жогорулай турганын кошумчалады.

Андан тышкары жыйында кен иштетүү, электр энергиясы, жеңилдетилген насыялар жана социалдык маселелер боюнча элдин берген суроолоруна тиешелүү жетекчиликтер жооп беришти.

Соңунда Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев айыл чарба тармагында жергиликтүү дыйкан-фермерлерди жаңыча ыкма менен иш алып барып, түшүмдүүлүктүн сапатын жогорулатууга аракет кылууга үндөдү. Бул багытта жергиликтүү мамлекеттик органдарга жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү