31
Январь
Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев: Өкмөт 2016-жылы стратегиялык демилгелерди ыкчам чечүүгө жана тиешелүү ишти жөнгө салууга жетишти
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2016-жылы стратегиялык демилгелерди ыкчам чечүүгө жана тиешелүү ишти жөнгө салууга жетишти. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев билдирди.
Ал «Арзан турак жай 2015-2020» программасына токтолду. Учурда 703 үй-бүлөгө насыя берилип, үстөк пайызы 12-10% төмөндөтүлдү. Программанын тизмесинде миңдеген жарандар кезекте турушат.
Мындан сырткары республиканын бардык аймагында малды идентификациялоо боюнча долбоор ишке киргизилгенин да кошумчалады.
Ошондой эле Биринчи вице-премьер-министр аймактарды экономикалык өнүктүрүүнүн негизги көрсөткүчтөрүн айтып, мындай аракеттер облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүнө жараша болорун билдирди.
«Негизги жетишкендиктер Чүй облусунда токтоп турган, түстүү металлургия менен иштеген «Ак-Түз» ААК ишке кирип, 226 жумуш орун түзүлдү. Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун колдоосу менен текстиль ишканасы түзүлүп, инвестициянын көлөмү 9,5 млн АКШ долларына жетти. Жалал-Абад облусунда Иштамберди кенинде алтын алуучу фабрика ишке кирип, 600 адам жумуш менен камсыздалды. Мындан сырткары бардык облустарда өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн оң динамикасы белгиленди»,-деди Мухамметкалый Абулгазиев.
Аны менен катар Биринчи вице-премьер-министр, каржылоонун жетишсиздигинен улам, айрым ишке ашырылбай калган пландарга да токтолду. Анда көбүнчө дотацияда турган айыл өкмөттөрүнүн азайтуу зарылдыгын баса белгиледи.
[su_carousel source="media: 89075,89068"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү