18

Май

2016

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев Ош облусунда жазгы-талаа жумуштары боюнча селектордук жыйын өткөрөт

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы боюнча биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 18-майда, Ош облусуна жумушчу сапар менен барат.

Сапар алкагында биринчи вице-премьер-министр жазгы-талаа жумуштарынын уюштурулушу жана жүргүзүлүшү боюнча селектордук жыйын өткөрүп, бир катар обьектилердин иши менен таанышат.

Тактап айтканда, М.Абулгазиев Ош шаарындагы фитосанитардык лабораторияга жана Ош шаары боюнча Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын аймактык өкүлчүлүгүнө барат.

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев ошондой эле 2015-жылдын ноябрындагы жер силкинүүдөн жабыр тарткан Кара-Суу районундагы Чайчы айылынын тургундары менен жолугушат.

Мындан тышкары, М.Абулгазиев Кара-Суу районундагы Жийделик айылындагы 500 орундук орто мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышмакчы.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү