19
Октябрь
Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунун жамаатын кесиптик майрамы менен куттуктады
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Кочкор-Ата шаарчасындагы
“Кыргызнефтегаз” акционердик коомунун 2 миңден ашуун эмгек жамаатын кесиптик майрамы менен Кыргыз Өкмөтүнүн жана жеке өзүнүн атынан куттуктады.
Тайырбек Сарпашев Президент Алмазбек Атамбаевдин “Кыргызнефтегаздын” айланасындагы чырдуу маселелерди жөнгө салуу максатында акыйкат жана калыс чечим кабыл алгандыгы акционердик коомду стабилдүү өнүгүү жолуна салгандыгын баса белгиледи. “Мисалы, 2009-жылы акционердик коомдун таза кирешеси 18 млн сомду түзсө, 2010-жылы 255 млн сомду, ал эми 2014-жылдын жыйынтыгы менен 582 млн сомдон ашты. Башкача айтканда таза киреше 33 эсеге өстү. Анын эсебинен жакында эле Премьер-министр Темир Сариев ачып кеткен 29 млн сомго курулган 180 орундуу бала бакчасы баарыбызды кубандырат”, - деп билдирди Т.Сарпашев.
Тайырбек Сарпашев акционердик коомдун эмгек жамаатына бекем ден соолук, бакубат турмуш, оомат жана ийгиликтерди каалоо менен бирге өлкөбүздүн келечеги кең болуп, Эгемендүү мамлекетибиздин желеги бийик желбиреп, дүйнө жүзүндөгү алдыңкы өлкөлөрдүн катарында болуусун тиледи.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү