01
Сентябрь
Биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов Кара-Балта шаарындагы №8 орто мектепте Билим күнүнө карата өткөн салтанатуу иш чарага катышты
Кыргыз Республикасынын Биринчи-вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов бүгүн, 1-сентябрда, Чүй облусунун жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарындагы №8 орто мектепте Билим күнүнө карата өткөн салтанатуу иш чарага катышты.
Биринчи-вице-премьер-министр акыркы жылдары Чүй облусунда билим берүү тармагын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтып, 2017-жылдын 8 ай ичинде 3 бала бакча ачылып, жыл аягына чейин дагы 14 бала бакчанын ачылышы күтүлүп жатканын кошумчалады.
«Чүй облусунда билим берүү тармагында жылыштар болууда. Мисалы, 2016-2017-окуу жылы Республикалык олимпиаданын жыйынтыгы боюнч 15 окуучу байгелүү орундарга ээ болуп, Чүй облусу республика боюнча 3 - орунга жетти. Ошондой эле, 2016-2017-окуу жылында 11-классты 6357 окуучу аяктап, алардын ичинен 6 окуучу Алтын сертификаттын ээлери болду»,-деди Толкунбек Абдыгулов.
Соңунда Биринчи-вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов келечек – билимдүүнүкү, илим-билимге умтулган элдики экенин айтып, окуучуларга бакыт-таалай, чың ден-соолук жана жаңы ийгиликтерди каалады.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү