24

Декабрь

2015

«Бюджеттин киреше бөлүгү акыркы беш жылда 3 эсеге өстү»

Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында, өлкөнүн 2016-жылга карата түзүлгөн бюджети тууралуу маалымат берген учурда билдирди.

«2010-жылы бюджеттин киреше жагы салык боюнча 33 млрд сом болчу. 2016-жылга 93 млрд сомго чыгардык. Ал эми чыгаша бөлүгү беш жыл мурда 60 млрд болсо, келерки жылга 147 млрд сом болуп, 2,5 эсеге өстү»,-деди Темир Сариев.

КР Өкмөтү өлкөнүн социалдык тармагына өзгөчө басым жасоодо. Быйыл республика боюнча 71 мектеп ишке берилди. 2016-жылы 100 мектеп жаңы курулуп, дагы 100ү капиталдык оңдоодон өтөт.

Премьер-министр ошондой эле, ар бир районго ондон кем эмес орто жана чакан ишканаларды ачуу боюнча талап коюлганын, бизнеске шарт түзүү максатында,  кийлигишүүлөрдү азайтуу тапшырмасы бар экенин, бул багытта ИИМ менен МУККтун атайын чечими бар экенин кошумчалады.

Келерки жылы өлкөдө туризм тармагына да өзгөчө басым жасалат. Бул багытта КР Өкмөтү «Тоо кластери» долбоорун кабыл алды. Ага ылайык, Алма-Ата-Чолпон-Ата жана Ысык-Көл шакекче жолдорун куруу иштери 2016-жылы башталат.

Ошондой эле мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында 2016-жылдан январь айынын экинчи жарымынан баштап жеңилдетилген насыялар берилет. Ага мамлекет 3,5 млрд сом сарптаары күтүлүүдө. Бардык пландарды ишке ашырууга жакшы шарт түзүү максатында, мамлекеттик тейлөөлөрдү электрондоштуруу талабы коюлган.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү