01
Июль
C 4 по 12 сентября пройдут XIV Международные Иссык-Кульские спортивные игры
Бүгүн, 27-июнда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариеванын төрагалыгы астында “Азия – кызматташуу жана тынчтыктын аймагы” урааны астында өтүүчү XIV Эл аралык Ысык-Көл спорттук оюндарын өткөрүү жана ага даярдык көрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны өттү.
«Аталган Спорт оюндарынын максаты – ден-соолук чыңдоочу, дене-тарбиялык массалык ишти жакшыртуу жана өнүктүрүү, КМШ, ШКУга мүчө-мамлекеттер жана спорттук уюмдар аралык достукту чыңдоо болуп эсептелет. Аталган оюндар 2001-жылдан тарта өткөрүлүп, эл аралык макамга ээ жана эл аралык байланыштарды чыңдоого жана Кыргыз Республикасынын аброюн жогорулатууга багытталган”, — деп белгиледи Эльвира Сариева.
Уюштуруу комитеттин жыйыны соңунда Эльвира Сариева “Азия – кызматташуу жана тынчтыктын аймагы” урааны астында өтүүчү XIV Эл аралык Ысык-Көл спорттук оюндарын өткөрүү жана ага толук кандуу даярдык көрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
КР Өкмөттүк Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү