23
Январь
Чиновникам необходимо ответственнее подойти к исполнению своих обязанностей
Бул туурасында, 23-январда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2013-жылдагы аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана 2014-жылга мерчемдерине арналган коллегияда билдирди.
Өкмөттүн ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү маалымдагандай, аймактагы өндүрүш көлөмү 3 млрд.342,9 млн. сом, жогорулоо 2012-жылга салыштырмалуу 111,0%.
“Өнөр жайынын өнүгүшүн Чоң-Алай районунан башка райондордун баары камсыздай алды. Атап айтсак, Алай району 112,1%, Араван районунда - 104,3%, Кара-Кулжа району —110,5%, Кара-Суу районундагы өсүш 100,5%, Өзгөн району-117,9% жана Ноокат району 106,2% “, — деп маалымдады С. Жээнбеков.
Коллегияда облус 2013-жылы 197,7 миң литр (өсүш 103,3%) сыра жана 5551,3 тонна (176,2%) тамеки өндүрө алды. Анткен менен облуста бул жылы пахта өнүмү 2012-жылга салыштырмалуу 3762,2тн (63,1%) төмөндөп кеткени байкалат. Анын себебин пахтага болгон баанын төмөндөп кетиши менен аныкташты маалымат берүүчүлөр. Ошол себептен пахтаны себүү аянты да 4386гектарга кыскартылган.
Башка сандардын ичинде дагы облус боюнча былтыр 440,5 миң тонна (188,2%) акиташ, 173,9 миң тонна (129,2%) гипс өндүрүлгөнү айтылды.
Облус жетекчилигинин маалымдамасынан кийин Тайырбек Сарпашев буларга токтолду:
“айтылган цифралар облустун алгылыктуу ишинен кабар берет. Анткен менен жетишилген ийгиликтерге кубануу али эрте. Учур талабы көрсөткөндөй, токтоп турган өндүрүштөрдү кайра жандандыруу, кичи жана орто бизнести өнүктүрүү, айыл чарбасын, ирригацияны, айдоо аянттарын көбөйтүү зарыл. Бир нече жумадан кийин “Айыл чарбасын каржылоо” программасы ишке кирет. Социалдык тармакта да бир катар көйгөйлөр бар. Аларды да артка таштабай аткаруу керек. Ошол себептен, мен сиздерди аймактын өнүгүшү жана элдин жыргалчылыгы үчүн өз милдеттериңиздерге жоопкерчилик менен мамиле кылууңуздарга чакыраар элем”, - деди ал.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү