23

Январь

2014

Для развития семеноводства отобрано 14 семеноводческих хозяйств

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана USAID долбоорунун алкагында үрөнчүлүк өнөр жайын өнүктүрүү максатында 14 үрөнчүлүк чарбасы тандалып алынды.

Анын 5 - Чүй облусунда, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында экиден жана Баткен, Нарын, Талас облустарында бирден үрөнчүлүк чарбасы жайгашкан.

2013-жылы өткөрүлгөн тендерге ылайык, үрөнчүлүк чарбалары үчүн 96 даана үрөн тазалоочу, жер кыртышын иштетүүчү, сээп-жыйноочу айыл чарба техникалары жана жабдуулары 4,1 млн. долларга алынган.

Мындан сырткары, USAID долбоору аркылуу республика боюнча тандалып алынган 14 үрөнчүлүк чарба үчүн  0,3 млн. долларга мындан ары көбөйтүү максатында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн уруктары алынган.

Учурда, USAID долбоору аркылуу тандалып алынган үрөнчүлүк чарбалары менен Каржы министрлигине караштуу экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фондунун ортосунда жогоруда аты аталган техника, жабдууларды жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн уруктарын пайыздык үстөгүсүз товардык насыя ирээтинде алуу боюнча келишим түзүлдү. Товардык насыя алгачкы эки жылда акча төлөмдөрүн кийинкиге калтыруу менен, 7 жылдык мөөнөткө берилүүдө. Анын 30% акча түрүндө, 70% айыл чарба өсүмдүктөрүнүн уруктары түрүндө төлөнөт.

2013-жылы тандалып алынган үрөнчүлүк чарбалары айыл чарба өсүмдүктөрүнүн уруктарын өндүрүшкөн. 2014-жылдын февраль айында тазаланып, себүү деңгээли аяктаган соң, 500 тонна үрөн көлөмүндөгү товардык насыянын биринчи төлөмү ишке ашат. Алар республикалык жана облустук мекемелер аралык мамлекеттик комиссиянын чечими менен товардык насыяга катары келээрки жылы жаздык себүүгө бөлүштүрүлөт.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү