25

Июнь

2014

Достигнута договоренность с Государственным банком развития Китая по поддержке проектов в Кыргызстане

Бүгүн, 25-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Синьцзян –Уйгур автономиялык райондук кеңсе жетекчиси баштаган Кытай Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын делегациясын кабыл алды.

Банк делегациясы Премьер-министрдин Астана шаарында 4-майда Банктын Ассоциялуу башчысы СяоюйЧжао менен жолугушуусунда кызматташууну тереңдетүү жана биргелешкен өнүктүрүү долбоорлорун жогорулатуу боюнча жетишилген макулдашууларга ылайык келген.

Жолугушуунун башталышында Премьер-министр кыргыз-кытай мамилелеринин жогорку деңгээлин, ошондой эле 2013-жылы Кыргызстанга КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин жасаган мамлекеттик сапарынын жана жакын арада орун алган КР Президенти Алмазбек Атамбаевдин КЭРге болгон мамлекеттик деңгээлдеги сапарынын ийгиликтүү өткөндүгүн белгиледи.

“Биз Кытай Мамлекеттик өнүктүрүү банкына кызматташууну күчтөндүрүү боюнча өтүнүчүбүзгө карай тез арада жооп кайтаргандыгына, ошондой эле Банк тарабынан ШКУ Банк аралык бирикмелери алкагында РСК Банк жана Айылбанк сыяктуу кыргыз шериктерине көрсөтүлүп жаткан көмөгү үчүн ыраазычылык билдиребиз», — деп кошумчалады Жоомарт Оторбаев.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Ысык-Көл облусун өнүктүрүүнүн биргелешкен мастер-планын иштеп чыгуу, ошондой эле 2017-жылга дейре Улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясында көрсөтүлгөн бир катар келечектүү инфраструктуралык долбоорлорду карады.

Өз кезегинде кытай тарап насыялоо, туристтик тармакты өнүктүрүү, электрондук өкмөт, энергетика боюнча долбоорлорго колдоо көрсөтүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Кытай делегациясы өлкөдөгү сапар учурунда КР Өкмөтүнүн тийиштүү министрлик жана ведомстволору менен биргелешкен тыкыр иш планын иштеп чыгууну пландаштырууда.

КР Өкмөттүк Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү