21
Июль
Дж.Оторбаев: Ферросиликоалюминиевый завод даст мощный толчок развитию города Таш-Комур и ближайшим населенным пунктам
Жалал-Абад облусу боюнча иштиктүү сапар алкагында Премьер-министр Джоомарт Оторбаев Таш-Көмүр шаарынын четиндеги ферросиликоалюминий заводу курула турган жердин орду менен таанышты.
Заводдун курулуш долбоорун ишке ашыруучу, «Авиньен» ЖЧК директору Жекшенбек Чамбаевдин айтымында, учурда курулуш иштерин баштоо үчүн 25 млн доллар келип түшкөн.
Дж.Оторбаев белгилегендей, завод инвестору катары металлургия жаатындагы дүйнөлүк ири компаниялардын бири – түштүккореялык POSCO компаниясы чыгууда. «Заводдун курулушу менен 2 миңге дейре иш орундары пайда болот. Завод курулуп бүткөн соң Таш-Көмүрдүн ландшафты бүтүн бойдон өзгөрүүгө дуушар болот, шаар жана жакын жайгашкан пункттар өнүгүү үчүн жаңы демге ээ болот.
Ферросиликоалюминий заводунун продукциясына карата дүйнөлүк суроо-талап ар дайым болуп турат. Өкмөт инвесторго курулуш иштеринин мыкты жыйынтыкталышы жана анын ишке киргизилиши боюнча колдон келген жардамдарын берет», — деди Премьер-министр.
Ж.Чамбаевдин айтымында, жылына 200 миң тонна комплекстүү эритменин жаңы түрү – ферросиликоалюминий өндүрүү каралууда. Долбоор эки баскычта ишке ашырылмакчы. Биринчи баскычта 25,5 МВА кубаттуулуктагы 4 меш орнотулат, анын өндүрүмдүүлүгү жылына 80 миң тоннаны түзөт. Заводдун бардык продукциясы экспорттолот. Заводдун курулушу 2017-жылдын биринчи жарымына карай бүткөрүү пландаштырылууда.