12
Апрель
Джоомарт Оторбаев: «100-процентное обеспечение школ современными учебниками – необходимое условие повышения эффективности обучения»
Бүгүн, 11-апрелде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында “Республиканын жалпы билим берүүчү мектептерин окуу китептери менен камсыздоону жакшыртуу чаралары жөнүндө” маселе каралды.
Учурда мектептер 73 пайызга жакын окуу китептери менен камсыз болушкан жана толук 100 % камсыздоо үчүн бир мезгилде 600 млн. сом бөлүп берүү зарыл болот. Ал эми окуу адабиятынын китепкана фондун кармап турууга жылына 100 млн. сом керектелет.
Буга байланыштуу Кыргыз республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги мындай көйгөйдөн арылуу үчүн окуу китептерин ижарага берүү жолун туура көрүшүүдө. “Бир китептин ижара акысы 25 сом болот. “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга окуу китептерин ижарага берүү жөнүндө жобо киргизилген”, - деп маалымат берди билим берүү жана илим министри Канат Садыков, буларды кошумчалап “Мектептерде окуу китептеринин жетишсиздигинен ата-энелер жашыруун чыгарылган жерлерден китептин ар бирин 300 сомдон сатып алышууда”, - деди.
Көп балалуу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана атайын билим берүү мекемелеринде билим алып жаткан окуучулар окуу китептерин бекер пайдаланышат.
Жыйында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги аталган токтомго каршылыгын билдирип, аны Кыргызстанда билим берүү бекер деген аныктамага ылайык, Конституциялык нормаларга туура келбегендиги менен түшүндүрдү.
Жыйынтыгында Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Республиканын мектептерин заманбап талаптарга жооп берген китептер менен толук камсыздоо билим берүүнүн сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуунун бир шарты экендигин айтып, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине бир жуманын ичинде талаш маселелерди карап чыгууну тапшырды.
Белгилей кетсек, окуу китептерин пайдалангандыгы үчүн ижара акысын киргизүү мурдагы советтик мамлекеттердин бир тобунда ийгиликтүү тажрыйбаланууда, алар: Орусия Федерациясы, Армения, Молдова, Белорус, Өзбекстан, Тажикстан, Грузия, Латвия.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү