25

Июнь

2014

Джоомарт Оторбаев: «Бурное развитие системы микрокредитования в Кыргызстане уникально не только в нашем регионе, но и в мировом масштабе»

Бүгүн, 25-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев КР Улуттук банкы жана бир катар эл аралык уюмдар тарабынан уюштурулган “Кичи насыялоо – ийгиликтер, көйгөйлөр жана чечимдер” аттуу эл аралык жыйынга катышты.

Жыйынды ачууда Жоомарт Оторбаев белгилегендей, бүгүнкү күндө “экономиканын өнүгүүсүн кичи насыялоо тармагысыз элестетүү кыйын”.

«Кичи насыялоо тармагы – бул өлкө экономикасынын кан айлануу тутуму. Бүгүнкү күндө өлкөдө 1990-жылдарда негизделген кичи насыялоо тармагынын болуп көрбөгөндөй өнүгүүсү байкалууда. Эл аралык финансы институттары, донордук уюмдар жакырчылыкка каршы күрөшүүнүн натыйжалуу ыкмасы катары калктын финансылык каражатка жеткиликтүүлүгүн камсыздоо болуп саналаарын түшүндү», — деди Жоомарт Оторбаев.

“Мен өзүм өткөн жылкы маалыматтарды санап чыктым жана акыркы жыл үчүн «Бай Түшүм» банкы боюнча сандарды кошумчаладым. Микрокредиттик компаниялар капиталынын өсүшү, менин маалыматымда, 17% ашуун көлөмдү түздү, ал көрсөткүч банктар боюнча – 16% жакын эсептелет. Микрокредиттик тармак активдеринин өсүшү – 34%, банктардыкы 27% түздү. Компаниялардын кредиттик портфели 24 млрд сомду түзүп, өсүү 26% барабар болгон. Мында банктардын кредиттик портфели 34% жогорулаган. Насыя алгандардын саны калктын бойго жеткен адамдарынын дээрлик 15% түзөт. Бүгүнкү күндө өлкөдө тармактын өнүгүүсү кыскарган жок», — деди Өкмөт башчы.

Статистикалык маалыматтарга назар салуу менен, өкмөт башчы бардык финансылык уюмдардын кредиттик портфелинин көлөмү, болжол менен өлкө ИДП 20% түзөөрүн маалымдады.

“Көлөмдү жогорулатуу керек. Өлкө экономикасы өсүүдө, демек, ал каржылоого карай жеткиликтүүлүктү жогорулатууга муктаж. Мен инвесторлорду өз инвестиция көлөмүн жогорулатууга чакырам», — деди Премьер-министр.

Жоомарт Оторбаев белгилегендей, кыргызстандык насыя алуучулар өз милдеттенмелерине жоопкерчиликтүү мамиле кылат.

“Кыргызстандык насыя алуучу насыяга алган карызын өз мөөнөтүндө төлөөгө жөндөмдүү. Бул жергиликтүү коомчулукта бири-бири менен тыгыз өз-ара байланыш орун алгандыгына байланыштуу. Мындан тышкары, карызды кайтаруу – бул биздин маданияттагы өзгөчөлүк, менталитетке кирет», — деп кошумчалады өкмөт башчы.

Андан соң Жоомарт Оторбаев билдиргендей, үстүбүздөгү жыл микрофинансылык компаниялар үчүн тынч башталды: “Өзүңүздөр билгендей, 2012, 2013-жылдары кичи насыялоо уюмдары менен иштөө боюнча кызуу талаштар жүргөн. Бул бир жагынан ниети түз эмес салым кылуучулар жана компаниялардын ишине байланыштуу орун алган. Жалпысынан, жагымсыз көрүнүштөрдүн алдын алууда калктын финансылык сабаттуулугун көтөрүү, насыялоо процесси тууралуу маалыматты жайылтуу жаатында тутумдуу иш алып баруу керек.

Премьер-министрдин маалыматы боюнча, өткөн жылы мамлекет экономиканы каржылоо боюнча жигердүү багытты карманды.

“Биз алгач ирет дыйкандарга насыя берүү үчүн пайыздык үстөктөрдү субсидияладык. Жалпысынан 4 млрд сом бөлүндү. Бажы биримдигине кирүү экономиканын реалдуу секторуна узакка созулган арзан ресурстарды алууга мүмкүндүктөрдү ачат», — деп жыйынтыктады Жоомарт Оторбаев.

[youtube 0BhDM1NFv5w?rel=0]

КР Өкмөттүк Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү