07
Август
Джоомарт Оторбаев дал ряд поручений по заготовке угля для населения и бюджетных организаций
Бүгүн, 7-августта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев вице-премьер-министр Валерий Диль жана тийиштүү министрлик жана ведомство, мамкомпаниялар жетекчилеринин жана Өкмөттүк аппарат кызматкерлеринин катышуусунда күз-кыш мезгилине карата көмүр камдоо боюнча иштиктүү жыйын өткөрдү.
Жыйынды ачууда Премьер-министр белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын 1-августуна карата берилген отчетко ылайык, көмүр камдоо 106 % аткарылган, бирок тийиштүү ведомстволор тарабынан электр энергиясынын тартыштыгы жана чектөөлөрдүн 30% кыскаргандыгын эске алуу менен керектелген көлөм боюнча түзөтүүлөр киргизилген эмес. Буга байланыштуу Жоомарт Оторбаев тез арада колдо болгон маалыматтарды салыштырып жана Өкмөткө республика боюнча зарыл болгон көмүр көлөмүн жогорулатуу боюнча түзөтүүлөр боюнча сунуш киргизүүнү тапшырды.
Учурда бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган жетекчилери муктаж болгон көмүр көлөмү тууралуу маалыматты берди, ал эми Антимонополдук жөнгө салуу боюнча мамагенттик көмүргө карата баа боюнча эсептерин даярдаган. Премьер-министр тарабынан эки тапшырма тең 25-июлда өткөн өкмөт жыйынын учурунда берилген. Бирок берилген маалыматтар бири-биринен айырмаланып, учурдагы түзүлгөн абал эске алынган эмес.
Ошондой эле өкмөт башчы тийиштүү көмүр көлөмү жана баалары көрсөтүлгөн аймактардын отун картасын толуктап иштеп чыгууну тапшырды.
“Аймактардын отун картасында ар-бир айылга керектүү отун көлөмү жана анын баасы көрсөтүлүшү тийиш. Бардык карталар калкты кеңири маалымдоо максатында ЖМК жарыяланышы абзел», — деди Жоомарт Оторбаев.
Өкмөт башчы көмүргө карата баа эсептөөлөрү менен таанышып чыгып, КР Экономика министрлигине аны көзкарандысыз эксперттерди тартуу жолу аркылуу талдап чыгууну тапшырды.
Андан соң Жоомарт Оторбаев бардык аймактарда калкты көмүр менен камсыздоо боюнча көмүр өндүрүүчү компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, көмүр жеткирүү графиги жана аны сатуу пункттары такталышы кажеттигин билдирди. Ошондой эле ар-бир компания тарабынан калктын жана мекемелердин муктаждыгына ылайык көмүр берүү тууралуу кепилдик кат берүүсү боюнча маселени иштеп чыгуу тапшырылды.
“Биз көмүр камдоого жергиликтүү компанияларды көбүрөөк тартышыбыз керек. Бирок айрым аймактардагы тартыштыкты камсыздоо жана баанын жогорулап кетпеши үчүн тышкы компаниялар менен да иш алып баруу керек», — деп кошумчалады Премьер-министр.
Импорттоонун тийиштүү көлөмүн аныктоо үчүн Жоомарт Оторбаев Мамлекеттик бажы кызматына өткөн жылкы көмүрдү импорттоонун көлөмү тууралуу маалымат берүүсүн тапшырды.
Ал эми жергиликтүү бийлик органдарына калк тарабынан көмүрдү эртерээк камдоо зарылдыгы тууралуу маалымат берүү жаатындагы ишти күчтөндүрүү жагы тапшырылды. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга калкты көмүр менен камсыздоо боюнча аймактардагы пландан тышкаркы текшерүүлөрдү жана мониторингдөөнү такай өткөрүп туруу тапшырмасы берилди.