23

Июль

2014

Джоомарт Оторбаев генеральному директору ОсОО «Джунда»: «Мы ждем скорейшего запуска на полную мощность Вашего предприятия»

Бүгүн, 23-июлда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев “Чайна Петроль Жунда” компаниясынын башкы директору Яо Гао Минь менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кытай инвесторлору тараптан курулган мунайды кайра иштетүүчү “Жунда” заводунун тегерегинде түзүлгөн учурдагы кырдаалды талкуулады.

Жолугушууну ачууда Жоомарт Оторбаев «Жунда» заводу боюнча долбоор өлкө экономикасы үчүн маанилүү орунда турат.

«Коомчулукта долбоор боюнча көптөгөн үмүттөр бар. Бирок биз завод жетекчилиги тарабынан алынган милдеттенмелердин кечиктирилип жатышына күбө болуудабыз. Сиздер ишкананын толук кубаттуулукта ишке киргизилишин тездетишиңиздер керек, орун алган көйгөйлөр чечилиши тийиш. Сиздер үчүн 2014-жылга карата милдет катары кеминде 300 миң тонна мунай продуктусун кайра иштетип чыгуу алдыда турат», — деди Премьер-министр, «Жунда» компаниясынын жетекчилигине кайрылып.

Тараптар сырье ташып келүү, көзөмөл органдары тараптан коюлган талаптарды аткаруу көйгөйүн, ошондой эле кадрларды даярдоо маселеси бардыгын айтышты.

Жыйынтыгында Жоомарт Оторбаев КР Өкмөтүнүн ишкананы тез арада ишке киргизүү ниети бардыгын билдирди.