20

Август

2014

Джоомарт Оторбаев: «Государственные органы должны содействовать развитию предпринимательства, а не мешать людям работать, и кормить свои семьи»

Бүгүн, 20-августта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Ош облусунун Араван районунун тургуну, багбан Шавкат Байбабаевдин КР Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин жана Мамлекеттик чекара кызматынын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери боюнча кайрылуусунун негизинде иштиктүү жыйын өткөрдү.

Жыйынга КР ИИМ, МУКК, Экономика министрлигинин, Мамлекеттик чекара кызматынын, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматынын, Башкы прокуратура жетекчилери катышты.

Жыйынды ачууда Премьер-министр белгилегендей, анын атына Шавкат Байбабаевден кайрылуу келип түшкөн. “Анда 2014-жылдын июнь айында анын алча багына негизсиз түрдө бир нече ирет Араван райондук МУКК бөлүмүнүн жана Чекара кызматтын куралданган кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз жалданма жумушчуларды аныктоо боюнча рейддик текшерүүлөр өткөрүлгөндүгү айтылат».

Жоомарт Оторбаев жарандар укугун, анын ичинде ишкерлер укугун коргоонун, алардын ишкердүүлүгү үчүн шартты камсыздоо жана текшерүү органдары тарабынан мыйзамсыз текшерүүлөргө жол бербөөнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. “Мамлекеттик органдар калкты колдоого алуу менен анын ак эмгеги менен каражат табуусуна, үй-бүлөсүн багууга жолтоо келтирбеши керек», — деди Жоомарт Оторбаев.

Шафкат Байбабаев тегерегинде болгон чатак тууралуу маалымат Азаттык радиосунун www.azattyk.org веб-сайтында жарыяланган, андан соң Жоомарт Оторбаев МУКК жана Ош облусундагы Өкмөттүн ыйгарым өкүлчүлүгүнө кыска мөөнөттө багбан тарабынан айтылган фактылар боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүүсүн тапшырган. Такталган маалыматтар боюнча, айрым фактылар тастыкталган эмес, бирок Премьер-министр иликтөөнү жыйынтыктап жана Шафкат Байбабаевдин арызын тыкыр талдоого алууну тапшырды.

Учурда аталган чатак боюнча МУКК жана Аскер прокуратурасы тараптан иликтөөлөр жүргүзүлүүдө.

[gallery ids="40147,40148,40149"]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү